Акыркы кабарлар
22:22
» Коом » Карантиндик эрежелер сакталбайбы? Ооз ачууда оору жайылганы калды
Карантиндик эрежелер сакталбайбы? Ооз ачууда оору жайылганы калды
18-апрель, 01:02

Орозо айы. Бир жагынан коронавирус да кыстап, күндөн-күнгө жугузган адамдардын саны арбай баштады. Өлгөндөр көбөйүп баратат. Мындай шартта ооз ачууга кафе, чайкана, ресторандар кызмат көрсөтүшүүдө. Топтошкон, үймөлөктөшкөн жарандарыбыз кучакташа көрүшүп, ооз ачышып, аралыкты сактабагандары ачык байкалууда. Мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алуу, карантиндик эрежелерди сактоо таризинде тартип киргизишпесе, аягында вирусту жапырт жугузуу менен ишпалдабыз чыкпайбы? Ансыз да эңшерилген экономика – мышык ыйлачудай көрүнүш. Жумушсуздук, кымбатчылык көйгөйлөрү күчөй баштаганда арыдан-бери болбойлубу? Же былтыркы апаат күндөр кайрадан кайталансынбы?..
"Азия Ньюс" гезити