Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго шаардыктар нааразы боло башташты

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго шаардыктар нааразы боло башташты

24-март, 19:30
1 184 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” деген кепти эрксизден мисал кылгың келет. Себеби, Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин вице-мэри катары иштеп, жер тилкелерине, объектилерге ээлик кылганы, эсепсиз байыганы эсиңердеби? Кийин Курманбек Бакиевдин режиминде кылмыш иштери козголуп, баскан изи, кылган иши иликтене баштаганда, кандайдыр сырдуу аракеттер менен жабылып, кутулуп кеткен.

Эми башка кадр табылбай калгансып, ушул киши Бишкекке мэр болду. Программасы жок экен. Баягы эле эски ыкма менен иштейт да. Кантип сол чөнтөккө “солобой” койсун? Абдыкадыровдун ишке киришкенине аз убакыттан бери шаардыктар нааразы болушууда. Мурда тыюу салынган жашыл аймактарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу, муниципалдык мекемелердин, дүкөндөрдүн жерлерин ар кандай шылтоолор менен тартып алуу, башкаларга ооштуруу амалдары эмнеден башталды? Акча ойноп атабы? Учурда кичи-орто ишкерлерге кыянаттык көрүлгөнү, алардын арыздануулары күчөп баратат. Натыйжада, мыйзамсыз жерлерди берүү менен көмүскө бизнести жүргүзүүгө ашырса, аягы кантет?

2010-жылдан бери Эмилбек Абдыкадыров бизнес менен алектенип келгенин жарнамалайт. Чиновник кезинде акчаны топтоп алып, бир аз жылдар тынчып жатып, анан өзүн башка жагынан көрсөтүүгө киришсе, эл ишенбейт да. Мындай “маслократ” жеке кызыкчылыгын биринчи ойлойт, а элдин көйгөйү экинчи планда, же калппы? Курулуш менен алектенип келгенине мактанат, аныгында, кайсы бир деңгээлде аялуу катмарга, же мугалим, врачтарга жеңилдетилген ипотекада үйлөрдү салганын билесиңерби? Түшкө да кирбейт...

Учурда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев менен Эмилбек Абдыкадыров көшөгө артынан көп шектүү иштерге баштарын тыгышканы айтылууда. Бул боюнча да убагы келгенде “сырлар” ачыкталат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер