Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшайыр Садыбакасова: “Үмүттүн апасы экөөбүз силерди сагынып өтөбүз”

Гүлшайыр Садыбакасова: “Үмүттүн апасы экөөбүз силерди сагынып өтөбүз”

27-октябрь, 14:02
1 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова 19 жашка толуп-толбой көз жумган уулу Эркин менен аянтта каза болгон Үмүтбектин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталарын айтат.

“Окшошкон асылдарым… арстандарым… балапандарым… садагаларым! Ойноп, оюнга тойбогон… күлүп, күлкүгө тойбогон эркетайларым! Бул жашоонун кызыгын көрүп-көрбөй, 19 жашка толуп-толбой о дүйнөгө шашып, ээрчишип кете бердиңер. Аллахтын айтканына, дегенине баш ийип отуруп калдык. Эркинтайым, Үмүттүн апасы экөөбүз силерди эстеп, сагынып, кусаланып, ыйлап, күйүп жүрүп бул жашоодон өтөбүз. Окшошкон асылдарым, силердин жаркын элесиңер түбөлүккө эсибизде сакталат. Аллахым өз мээримине алып, фирдаус багында ойноп-күлүп жүргөнүңөрдү насип кылсын!”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер