Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирустан 11 киши каза болду, 19 миңге чукул адам ооруп жатат

Вирустан 11 киши каза болду, 19 миңге чукул адам ооруп жатат

12-июль, 12:06
1 386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 12-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 11 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары 2113 кишиге жетти. 

Вирус акыркы бир суткада дагы 1330 кишиден аныкталды. Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери инфекцияны 140 миң 978 адам жугузуп алды. Бир суткада 763 адам  айыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны 118 миң 771. Ооруп жаткандар 18 миң 934 деп эсептелди, алардын 4694ү ооруканада, 14 миң 420сы үйүнөн дарыланууда.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер