Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубатбек Байболов: “Жаман болсо да эреже менен жашаганга үйрөнбөйлүбү?”

Кубатбек Байболов: “Жаман болсо да эреже менен жашаганга үйрөнбөйлүбү?”

04-декабрь, 18:15
1 911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубатбек Калбекович, 1993-жылкы Конституцияга кайрылып барсак, чийеленген маселелер чечилип, телегейибиз тегиз болуп   калабы?

-- Ал Конституция эмне, сыйкырдуу күчкө ээ бекен? Кийинкилердей ашепке өзүмчүл, бир адамдын бийлигине чексиз багытталбаганы менен ал деле бийликти борборлоштурууга багытталган, советтик системанын калдыктарын камтыган документ. Азыркылардан бир аз жакшы, бирок идеалдуу эмес.

Көйгөйдүн тамыры башка жакта. Коомдо деструктивдүү процесстер өтө күч алып алгандыгында. Алардын башаты тээ 2005-жылдагы революция деп шардана кылынган, иш жүзүндө саясый майданга билими тайкы, тарбиясы күмөн, бирок чексиз шылуун, демилгеси деминен күч менен  алып чыккан окуяларда. Андан кийин кеминде эки-үч толкун менен саясый айдың андайларга жык толду. Азыр ал жакта интеллигенцияга, билимдүү, нысаптууларга орун жок.

-- Жаңы жазылып, талкууга алынып жаткан Конституциядан жакшылык күтүп, “элдик бийлик орнойт” дегенине ишенсек болобу?

-- Элдин канчасы Конституциялардын жакшы-жаманын, башкаруу системаларынын аки-чүкүсүн, аларды кабыл алуу эрежелериндеги оош-кыйыштарды айрып биле алат? Көп эмес болсо керек. Билүүгө милдеттүүбү? Албетте, жок. Бирок, мамлекет куруп, өз алдынча эгемендүү өмүр сүрөбүз деген эл жакшы менен жамандын, акыйкаттык менен куулук-шумдуктун, сабыр менен өкүмзарлыктын, кеменгерлик менен зордуктун, айтор, ушуга окшогон  миңдеген карама-каршы сапаттардын ортосундагы айырманы талдап билгенге, көп учурда билбемиш болуп анткорлонуп, жасакерленип, миң кубулган амалкөйлөрдүн тузагына илинбей, эл бийлиги менен жеке бийликтин айырмасын талдап билгени кажет эмеспи. Эгер биле албаса, билими жетпесе, арасынан суурулуп чыккан мыктыларды тыңдап, жок дегенде айтканына кулак салганды үйрөнбөйбү, сабыр кармап, албууттанып жулкунбай? Бири да жокпу? Анда себебин башка түпкүрдөн издейли.

Мамлекет улуттун белгилүү өлчөмдөгү өнүгүүсүндө гана түптөлчү нерсе. Анда ар бир адам өзүнүн эгемендигинен бөлүшүп, жалпы кызыкчылыкка ыйгарууга даяр болуусу кажет. Бул да жокпу? Анда мамлекетти түптөө деңгээлине жете элегибиз ошо. Аракети жок жакшылыкты асмандан күткөн элдин келечеги бүдөмүк. Бери дегенде, жаман да болсо эреже менен жашаганга үйрөнө албаган эл өз кызыкчылыгын коргоп, адилеттүү мамлекет түптөй албайт.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер