Октябрь окуясы боюнча Бабанов бийликтин бетине чиркөө болууда
2020-жылдагы Октябрь окуясына байланыштуу соттук отурумда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков жана башкалар айыпталуучулар катары суралышууда. Сапар Исаков качып кеткен. Өмүрбек Бабанов болсо тымпыйып, кылмыш ишин “сүрмө топтон” бөлдүрүп кеткени кандай? Элдин баары билет да, 9-октябрда “Форумдан” Атамбаевди жандап Бабанов негизги фигура катары барган да. Булардын максаты – Садыр Жапаровду бийликтен кулатуу беле? Эми жоопкерчиликке келгенде Өмүрбек Токтогулович коёндой буйтап кетип, жазага тартылбай жатканына коомчулук таңгалууда. Калыстык үчүн баары бирдей суралышы керек. Ортодон алалап, капчыктууну калкалаган жарабас! Дал ушундай кытмыр оюндун себепчиси катары Бабанов бийликтин бетине чиркөө болуп, көлөкө түшүргөнү өкүнүчтүү. Жандырмагын чечмелеп бербейсиңерби?
"Азия Ньюс" гезити