Бекташ Шамшиев: “Урушту каалабай качып келген орустарга моралдык колдоо кылалы”
-- Россиядагы мобилизация, качкан орустар, тарых кайталангандай...
-- Россиядан агылып сыртка чыгып аткан жаштар баскынчы болбоюн, украиндердин канына забындык кылбайын, согуштук агрессияга катышпайын, колумду канга булгабайын дегендер. Үй-жайын таштап ким эле жер которгусу келсин? Бир кезде 1916-жылы орустун жазалоочу аскерлеринен качышып, биздин ата-бабалар Кытайга жер которууга мажбур болушкан.
Ошол окуя кайсы бир деңгээлде кайталанууда. “Орус дүйнөсү” деген опуртал идеяга жамынган өкүмдар элин барымтага алып, күргүштөтүп баарын украин жерине согушка айдап жатат. Украинада шаарлар, айылдар талкаланып, кандуу кыргын, кырчылдашкан уруш жүрүүдө. Жерин басып кирип, канабайрам кылууга эч кимдин акысы жок. Украиндер элин-жерин коргоп, баскынчыга каршы турууда. Бу кандуу согушту Россияда бир гана өкүмдар, жантыгынан түшүп кошомат кылчу жандоочулары, анан улуу империялык кычыткыга кабылгандар, кан төкпөсө тура албагандар, өзүнүн жерин гүлдөтө албай, өлкөсүн кризис сазына тыгып койгон наалатылар гана каалайт болуш керек. Россиянын карапайым адамдарынын көбү урушту жактырбастыгын, бөтөн элди басып кирип, канабайрам салууну каалабастыгын минтип башкалка издеп четке качуу аркылуу көрсөтүшүүдө. Россияда ачык пикир айтканды дегдеңдетип сүйрөп барып абакка тыгып салышат. Өкүмзор жеке бийликтин фашисттик башкарууга өтүп кетиши оңой экенин Россиянын мисалы көрсөтүүдө.
-- Мекендештерге кандай кеңеш бересиз?
-- Урушту каалабаган адамдарга демократиялык делген өлкө колунан келген көмөгүн көрсөтүп, моралдык колдоо жасашы керек. Кыйын маалда жер которуп келгендерди кодулабай, биздин мигранттарга жасагандай мамиле кылбай, мусапырлыктын күнүн көрүп аткандарга кең пейил болуп койгондон кыргыз элинин баркы төмөн түшүп калбайт, тескерисинче көтөрүлөт. Кыйын кезде достук колун сунган элдин жакшылыгы унутулбайт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити