Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согушка каршы плакат менен эфирге кирген кызга 30 миң рубль айып салынды

Согушка каршы плакат менен эфирге кирген кызга 30 миң рубль айып салынды

16-март, 11:50
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москванын Останкин соту Биринчи каналдын эфирине согушка каршы плакат менен чыккан Марина Овсянниковага 30 миң рубль айып салды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, сот аны макулдашылбаган аракетти уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. (РФнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 20.2-беренесинин 2-бөлүгү).

Соттук териштирүүдөн кийин Овсянникова милиция аны 14 сааттан ашык суракка алып, эч кандай юридикалык жардам көрсөтпөгөнүн, үй-бүлөсү жана достору менен байланышууга мүмкүнчүлүк бербегенин айтты.

14-мартта Россиядагы «Биринчи каналдын» эфиринде «Время» маалымат программасы көрсөтүлүп жаткан учурда Марина Овсянникова «Согушка жол жок!» деген плакат менен студияга кирип келген. Ал «Биринчи каналдын» редакторлорунун бири. Колундагы баракта «Согушту токтоткула! Бул жерде силерге калп айтып жатышат, үгүткө ишенбегиле!» деп жазылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер