Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Орозбек Опумбаевге бир чети кейидим...”

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Орозбек Опумбаевге бир чети кейидим...”

09-декабрь, 19:01
1 389 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек, Кой-Таш окуясы боюнча сот иши жаңыча уланды көрүнөт. Дегеним, ошол кездеги УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев сотко көрсөтмө бергени келди. Кандай кабылдадыңар?

-- Мурунку сот отурумдарында өтүнүч келтирип, “Опумбаев, Жунушалиев, Жамшитов, Салиев, Жээнбековдор келип көрсөтмө беришсин. Эгер алар келишсе, чындык ачылат” деген элек. Бул өтүнүчтүн бири катары Опумбаев келди. Баягы күпүлдөгөн Опумбаев жок. Өзүн пайгамбар сезген, “баарыңарды жайлайм, тынчытам, камайм, атам!” деп опулдаган эмес, момоюп, оозунан араң жел чыккан Орозбекти көрдүк. 

-- Сот тарабынан кандай суроолор берилди, эмне деп жооп берди?

-- Прокурорлор берген толгон-токой суроолордун бирине да жарытылуу жооп бере алган жок. “Эмне үчүн операция кылдың эле? Ким, кайсы адам аркылуу кандай болгон?..” дегендерге үнүн акырын чыгарып, ичинде өкүнүч, арман, бушаймандыкты башынан кечирип, жандүйнөсү жанчылган адамдай түр көрсөтүп атты. Сөздүн ток этери “Сооронбай Жээнбеков айткан, ал киши менен келишкем, акылдашкам, буйрук аткаргам” деп шылтагансып атат. Эми караңыз, кыргыз эли мындай адамдан коркуш керек. Буларда эч бир абийир, адамгерчилик, уят-сыйыт жок. Өз жанын сактап калыш үчүн керек болсо баардык жакын адамдарын сатып ийишет. 

-- Кой-Таш окуясында 2000дей адам жаракат алган. Бул боюнча эмне деп жооп берди?

-- Туура айтасыз, мен ушуну Опумбаев мырзага “сиздердин Кой-Ташта жүргүзгөн чаласабат операцияңардан 1700 адам катуу жаракат, 500дөй адам жеңил жаракат алышкан. Ушул адамдардын каргышынан коркпойсуңарбы? Эми өмүрүңдүн акырына чейин жашооңор сотто өтөт. Табалабайм, тобо кылам. Ошол 2000ден ашык адам сотко арыз жазган. Бул иш кайрадан каралат” десем, такыр үн катпады. Ак же көк дебестен, “бир офицерим каза болду” деп “мыңк” этти. 

-- Мурун коомчулукка берген конференцияларында Опумбаев “мен өзүм жооп берем, буга эч кимдин тийешеси жок” дегенби? Бу жагы кантти?

-- Азыр өзүм болбой эле Сооронбайга, иниси Асылбекке, Алмамбет Салиевге, замдарына шылтай баштады. Бу жагы кызык болчудай... 

-- Бирге кучакташып сүрөткө түштүңөр...

-- Убагында өзүңөрдү пайгамбар сезип, бизди аткылап, сабап, “атып салам!” деп Кудайды тааныбай калгансыңар. Эми мусаапыр болуп калдыңар. “Келчи, экөөбүз эстеликке “чырк” этип коёлу” деп, кучактап тарыхый сүрөткө түшүп койдук. Анан коштошуп кетип атып сүйлөштүк. “Бийлик, байлык – колдун кири. Бүгүн бар, эртең жок. Эч качан адамгерчиликтен кетпе, адам бол!” дедим. Деген менен Орозбекке жаным кейиди, жан тарткан таризде боорум ооруду... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер