Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Интернеттен махабатка кабылдым, келечеги барбы?
Интернеттен махабатка кабылдым, келечеги барбы?
13-август, 14:06

Көрбөй туруп деле жактырып калуу мүмкүнбү? Өзүм бир турмуш көргөм, бир кызым бар. Турмуштан ажырагам боюмда бар кезимде, азыр кызым 2ге чыгып калды. Москвадамын, бул жактан Инстаграмдан бир бала менен тааныштым. Ал деле турмушу болбой башка шаарда. Бири-бирибиризди көрбөй сүйлөшкөнүбүзгө 4 ай болуп калды. Видеодон көрүшөбүз. Сүрөттөрү бар. Бирок жакшы көрөм. Ал деле “жакшы көрөм” дейт. Буюрса сентябрда Москвага келет. Биз бактылуу боло алабызбы?
Айдай