Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ден соолукка пайдалуу таттуулар кайсылар?

Ден соолукка пайдалуу таттуулар кайсылар?

22-август, 12:04
949 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баардык эле таттуу азыктар биздин ден соолугубуздун жана фигурабыздын душманы болуп эсептелбейт. Көпчүлүк айымдар таттуулар ден соолукка зыян, анан калса ашыкча салмак  кошууга алып келет деп ар бир жеген торттон, пирожныйдан кийин өздөрүн жаман сезишет. 

Адамдын организмине өзгөчө пайда алып келе турган таттуу бул-шоколад. Бул азык серотонинди курамына камтуу менен “бакыт гормонун” камтыган заттарды алдына чыгарбайт.

Шоколад эң мыкты табигый антидепресант болуп саналат. Анын керектүү дозасы депрессия  менен хандра болууну алдына алат. Бул үчүн шоколаддын тактасынын бир эки сыныгын гана жеген жетиштүү. Антпегенде бир-эки такта шоколад 1500-2000 килокалорийди камтыгандыктан, адамдын күнүмдүк нормасы ушуну менен эле толуп калат.

Кийинки пайдалуу таттуу азыктар-кургатылган жемиштер. Алардын эч кандай туура эмес жактары жок. Кургатылган жемиштерде витаминдер, пектиндер, антиоксиданттар жана башка пайдалуу азыктар бар. Ошол эле маалда кургатылган жемиштерде кант жок, анын ордун фруктоза  жана глюкоза толуктайт. Алардын эң эле начар жери жогорку калорияга ээ экендигинде.

Зыянга караганда көбүрөөк пайда алып келген кийинки азык бул-бал. Балдын калориясы канттыкындай болгону менен анда пайдалуу витаминдер менен микроэлементтер көп. Бирок  бал  эң күчтүү аллерген болуп саналгандыктан, аны көп колдонууга болбойт. Күнүмдүк доза 1-2 чай кашыктан ашпоого тийиш.

Булардан тышкары мармелад, пастила жана зефир пайдалуу таттуулардын катарын толуктайт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер