Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду

15-ноябрь, 13:01
350 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-ноябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын биргелешкен отуруму болду.Жыйынга Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Натыйжада тийешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын мамлекеттик "Ховар" агенттиги маалымдады. Кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган жок. Маалыматка ылайык, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Кыргызстанда болору кабарланды. Жолугушуу тууралуу Кыргызстандын расмий органдары маалымат бере элек. 

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андан улам эки өлкө ортосунда жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер