“Афганистан, Сирия өлкөлөрүнүн таз кейпин кийип калбасак экен!”


-- Учурда Сирия, Афганистан, Украина жана Грузиядагы саясый кырдаалдарды талкуулап жатабыз. Ал эми өлкөбүздөгү туруктуулук, диний абал ойдогудайбы?

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:
-- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик идеологиясынын жоктугунан ушундай тескери кесепеттер пайда болууда. Мектеп жашындагы балдарга биз меценат Рустам Маманов менен 3 миллион сом бөлүп берип, 2015-жылы тендер жарыялап, жалпы мектептерге окуучулар үчүн бирдиктүү бир форма чыгарганбыз, ошол форманы мектепте 3 жыл гана колдонушту. Азыр болсо мектептерде чадра, хиджап кийгендер көбөйүп кетти. Бул жагынан Кыргыз Республикасынын билим берүү министри атайын буйрук чыгарып, бирдиктүү бир мектеп формасына өтүшү керек. Жаш балдар атасынын сакалы жок болуп турса да сакал коюп алган модага айланды. Негизи, религия боюнча көп маселелерди айтсак, абдан көп багыттуу. Белгилүү дүйнөлүк окумуштуу Карл Маркс "адамдын акыл көрөңгөсү, руханий азыгы илимге, билимге, маданиятка жетишсиз болгондо религияга ооп кетет" деп даана жазган. Биз ошондой жашоого ооп баратабыз... Билим берүү министрине кайрылсак, “биз айтсак, ата-энелери макул болбой жатат” дейт. Андай ата-энелер балдарын анда медреселерге окутушсун! Тилекке каршы, ушул сыяктуу эле идеяларыбыз кыргыз салтына туура келбеген багыттар абдан көп...

Дүйшөн Батырбеков, серепчи:
-- Чынында, Сирия, Афганистан, Украина жана Грузиядагы абал биздин эле Кыргызстанды эмес, бүткүл дүйнөдөгү саясый абалга, туруктуулукка олуттуу зыян келтирет. “Мындай нерсе бизде болбойт” деген кепилдикти эч ким бере албайт. Акыркы кезде ашынган радикалдык топтор, ар кандай дестабилдешүүнү көздөгөн саясый күчтөр Кыргызстанга болгон күчүн жумшашып, тымызын аракет кылып аткандарын биз сезбей келебиз. Бул жагына келгенде бийлик абдан жумшак мамиле кылып атканы байкалууда. Аны биз ар кандай диний агымдардын көптүгүнөн айтуудабыз. Азыркы күндө көптөгөн медреселер ачылып, ал жерде жалаң радикалдык багыттагы дин окуулары окутулуп атканын мен өз көзүм менен көрүп, кабардар болуп жүрөм. Ошондой эле жаштар арасында топ-топ болуп радикалдык чакырыкка “Ислам халифатын курабыз. Келечекте биз ислам өлкөсү болобуз. Жалаң мусулманчылык менен башкарабыз” деген сөздөрдү ачык эле айта башташты. “Жаман айтпай жакшы жок” демекчи, эгер ушу нукта же багытта жүрүп отурсак, 5-10 жыл аралыгында ошол эле Сирия, ошол эле Афганистан өлкөлөрүнүн таз кейпин кийип калбасак экен (!) деп чочулай берем. Биз ошого жакындап баратабыз. Андыктан, бул нерсе менен бүтүндөй мамлекет, жергиликтүү бийликтин баардык бутактары күрөш жүргүзүүнү кечеңдетпей баштоосу кажет. Алдын албаса, келечеги коркунуч болуп баратат. Бийлик төбөлдөрүбүздүн “бизде дин эркин, каалаганча мечит кура берсеңер болот” деген жумшак мамилесинин арты жамандык менен бүтпөсө экен. Ушундан корком. Мындай коркунуч биздин өлкөдө бар.











