Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миргүл Темирбаева: “Былтыр да орозо айында чек арадагы согуштан 36 жараныбызды жоготконбуз”

Миргүл Темирбаева: “Былтыр да орозо айында чек арадагы согуштан 36 жараныбызды жоготконбуз”

13-апрель, 19:33
2 346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймактарында болгон атышуу тууралуу пикирин билдирди. Депутаттын айтымында, чек ара боюнча комиссиялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат.

«Былтыр да орозо айында чек арадагы согуштан 36 жараныбызды жоготконбуз. Бул качанкыга чейин кайталана берет? Лейлек эли тынч жашай албай калды. Комиссиялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат. Чек ара чечилмейинче өнүгүү тууралуу сөз болбойт. Чек ара маселесине чекит коюш керек. Комиссияга кимдер мүчө болуп жатканын Жогорку Кеңеш билиши керек. Керек болсо комиссияга жергиликтүү тургундардан кошуш керек» деди депутат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер