Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маметбек Мырзабаев: «Кыргызстанда талибандардын ролун аткара турган диний топтор бар»

Маметбек Мырзабаев: «Кыргызстанда талибандардын ролун аткара турган диний топтор бар»

27-сентябрь, 22:37
1 519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ислам изилдөө институтунун директору менен маек.

-- Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков «Ооганстандан Кыргызстанга азыр да коркунучтар бар» деди. Бул коркунучтар күчөп кетпеши үчүн эмне жасалышы керек?

-- Ооганстандын Кыргызстанга түздөн-түз кол салуу мүмкүнчүлүгү аз. Бирок, талибандардын ролун аткара турган Кыргызстандагы диний топтор бар. Ушуну ойлонушубуз керек. 2019-жылы биз жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, жаштардын радикалдык топторго кошулушунун негизги себептери – алардын мамлекетке болгон ишениминин жоктугу экени аныкталган. Жаштар элдин эң энергиялуу, активдүү тобу катары эсептелип, ар дайым изденүүдө болушат. Көп кыялданышат, алдыларына чоң максаттарды коюшат, ага жетпей, укуктары тебеленип, басмырлоого туш болгон учурларда чоң нааразычылык жаралат. Ушул маалда радикалдуу топтор буларга көйгөйлөрдү чечүүнүн эң оңой жолу катары сезилет. Экинчи фактор – алардын мамлекетке болгон ишениминин аздыгы. Коррупциялык көрүнүштөр, мамлекеттик түзүмдөрдү аксаткан нерселер. Өлкө ичиндеги байлыктын тең бөлүштүрүлбөгөнү, байлардын байып, кедейлердин андан бетер жакырчылыкка туш болушу радикализмге аралашуунун себептеринин бири. Мисалы, азыркы күндөгү талибандардын коррупционерлерди атып салганын социалдык тармактарда «туура кылды, бизде дагы ушундай кылыш керек» деген комментарийлери менен колдоого алган жаштардын санынын өсүп жатканы кооптуу. «Талибандардын ролун аткара тургандар бизде деле бар» дегеним ушундан. «Адилетсиздикти жеңиш үчүн коррупционерлердин качан гана колун кесип, башын ала баштаганда токтойт» деген көз карашка ээ болгон жарандардын көптүгү орчундуу маселе.   

-- Жарандардын террористтик уюмдарга кошулуп кетүүлөрүн кантип  чектей алабыз?

-- Мындай уюмдарга кошулгандар көбөйбөш үчүн аларды камап, тыюу салуу эмес, «эмнеге ушуга барып жатат?» деген суроого жооп издешибиз керек. Экономикалык жактан адилеттүүлүктү сактаганыбыз маанилүү, саясый, диний укуктар боюнча акыйкаттыкты камсыз кылышыбыз керек. Ошондо гана булар токтойт. Жаштар Кыргызстандын учурдагы системасын «өзүбүздүн багыт» деп сезиши керек. Жаштардын сезиминде «биз башка, бийликтегилер башка» деген түшүнүк орноп калган. «Мамлекет өзүн гана ойлойт, элди унуткан» деген ой басымдуу. Мындан улам күчтүү өлкө курууга жаштар активдүү катышпайт. Көбүнчө бизнеске кетет же башка тармакта жүрүшөт. Заманбап, өнүккөн Кыргызстанды курууга аралашпай калгандарын туюп жатышат. Мамлекетке, ата-энесине, айланасындагыларга таарынып турган жаштарга куткаруучу идеялогия катары сырттан келген радикалдуу дин тартып кетет...  

-- Ушул багытта мамлекеттин кадамдары байкалабы?

-- Бул маселе мамлекеттин коопсуздук саясатынын күн тартибинде болуш керек. Мамлекеттин дин саясатында негизги приоритет катары каралышы абзел. Дин иштери боюнча мамкомиссияда концепция кабыл алынып жатат, бирок анда ушул көйгөйлөрдү чечүү жолу каралган эмес. Стратегиялык документтер, концепциялар күчтүү аналитикага таянуу менен жазылбайт. Азыр таарынган жаштар тобу саясый партияларды түзүшүп, шайлоого катышуу аркылуу бийликке баруу аракетин көрүшүүдө. Бул – диндин саясатташуусуна алып келет. Ага каршы эч кандай чаралар көрүлгөнүн байкаган жокмун. Жаңы эле түзүлгөн диний партиялар былтыр жакшы добуш алышты, лидерлери популярдуу болуп кетишти. Кезектеги шайлоодо дагы динди колдонгондор популярдуу болуп, утат. Анткен менен арты жакшы болбойт. Дин жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканы менен, ал эптеп эле «түзөтүү киргизди» аты болууда. Капа болушпасын, бирок мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын диний көз караштагы партияларды шайлоолорго катыштырбоого ылайыктуу жобо иштеп чага тургандай дэңгээлдери бар экенине ишенбейм. Юридикалык жактан негиз даярдалган эмес, Конституцияда мыйзамдар жок. Концепциянын аты эле болбосо, ичи маанисиз. Аларды шайлоого катыштырбай коё тургандай мамлекетте юридикалык куралдар болуш абзел. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер