Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Саматов: «Бажы биримдиги биздин продукцияларга бөгөт коюуда»

Манас Саматов: «Бажы биримдиги биздин продукцияларга бөгөт коюуда»

18-октябрь, 01:12
1 036 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Фермер, инновациялык айыл чарба өндүрүшүнүн долбоорлору боюнча консультант менен маек.

-- Азык-түлүк кризисинен чыгуунун жолдору кандай?

-- Азык-түлүк таңкыстыгын жеңиш үчүн алгач дыйкан-фермерлерге колдоо кылып, аларга эркиндик бериш керек. Мисалы, быйыл Кыргызстанда жүгөрүнүн түшүмү мол болду. Былтыр 800 миң тонна өндүрүлсө, быйыл 700 миң тонна түшүм жыйналат деген прогноз бар. Ички керектелүүчү жүгөрүнүн көлөмү 250 миң тонна экен. Калганын экспорт кылыш керек, бирок өкмөт өзүнүн токтому менен жүгөрүнү экспорт кылууга тыюу салып койгон, натыйжада 450 миң тонна жүгөрүнү дыйкандар сата албай, банкрот болушу күтүлүп жатат. Айыл чарба министрлиги жүгөрүчүлөр ассоциациясынын жазган каттарына жооп дагы бербей койду. Бул жерде «бизге тооктун жеми арзан болсун» деп тоок баккандар «лобби» кылууда. Мындайча айтканда, ар ким өз кызыкчылыгына тартууда. Биринчиден, министрликтин буга укугу жок, экинчиден, бул туура эмес, кандай кырдаал жаралбасын, жетекчи ар дайым калыс болуш керек. Тилекке каршы, мына ушундай бөгөт коюулар фермерлердин ишин алдыга жылдырбай жатат. Фермерлердин ишмердүүлүгүн арттырыш үчүн аны дагы иретке келтирүү маанилүү.  

«Кыргызстанда 425 миң фермер бар» деп айтылат, муну эч ким далилдеп бере албайт. Бул статистика асманда учуп жүргөн калп. Менимче, азыр 50 миңге жетпеген эле өндүрүш чарбалары иштөөдө. Ошондуктан мен үй-бүлөлүк фермерлик чарба боюнча мыйзам кабыл алынышы керек (!) деп сунуштап жатам. Такталган, күчтүү эксперттер, юристтер менен бирге бул мыйзамды өзүбүз иштеп чыксак болот. Анын алкагында дыйканга юридикалык укуктар берилмек. Себеби, фермер өзү дагы айрым учурда экспорт-импорт операцияларына, тендерлерге катышат. Ошондой эле Европа биримдигинин, АКШнын, USAIDдин жардамдары берилип келет. Алар менен мамиле түзүү үчүн дагы юридикалык жак болуу абзел. Фермердин мүмкүнчүлүгүнө эч кандай чек койбош керек. Атанын арттырган байлыгы балага, баланын арттырган байлыгы небересине кала тургандай схемага алып келишибиз керек. Фермердин мүлкүнө кол тийбестикти камсыздай турган мыйзамды кабыл алуу зарыл болуп турат. 

-- Өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБдин алкагында сатууда тоскоолдуктар бар экени белгилүү, буга документтердин дал келбей калганы же дагы башка себептер айтылып келет. Учурда абал кантип калды? 

-- Биздин уникалдуу климатыбыз бар: салкын аба, жерлерибиз салыштырмалуу таза, толук химиялашып кеткен эмес. Артыкчылыктар көп. Албетте, ушуга жараша бизде өндүрүлгөн жашылча-жемиштер даамдуу жана аларга суроо-талап жогору. Бирок жанагы Евразиялык экономикалык биримдик сыяктуу жасалма уюмдар биздин продукцияларды сатууга бөгөт коюунун бир жолу. Алардын фермерлерге кереги жок. Бул болгону кошумча тоскоол. Ошондуктан мен аны «БЫЖЫ биримдиги» деп коём. Бажы биримдигинде 170 миллион эл бар экени айтылып, киришкен. Бирок, Афганистан, Пакистан, Индияны айтпаганда, Эркештам менен Торугарттан ашсак, бир жарым миллиард кардар турат. Кыргызга жакын кошуна, жаныбызда 33 миллиондук Өзбекстан бар. Илгертеден бери биздин салкындыкты жакшы көргөн алма, малина сыяктуу өсүмдүктөрдү алып жеп келген бир тууганыбыз. Казакстан менен Россияны жердин киндиги катары караганыбыз туура эмес. Ошол эле Казакстан, Россия, Өзбекстан менен союздун алкагында эмес, эки тараптуу келишимдер аркылуу түздөн-түз алышып-беришип оокат кылсак, пайдасы алда канча көбүрөөк болот. 

-- Элди зарыл болгон негизги продукциялар менен камсыз кылуунун кандай жолдору бар? 

--  Расмий түрдө бизге зарыл делген 9 продукцияны айтып келишет. Алардын бири буудай боюнча маселе жаралат деп ойлобойм, себеби, буудайдын жакшы сортторун өстүргөн жаныбызда жакшы кошуна Казакстан бар. Ал эми калган продукцияларды өзүбүз өндүрүшүбүз мүмкүн. Дагы бир формула – өзүбүздө өндүрүүгө боло турган продукциянын импорттолуп келишине тыюу салыныш керек. Анткени биз механизация, технология жагынан бир аз арттабыз да, сырттан келген арзан продукцияларга туруштук бере албай калышыбыз мүмкүн. Ошол эле учурда айыл жериндеги фермерлердин оозундагы нанын тартып албашыбыз керек. Балким, фермерлер менен керектөөчүлөрдүн ортосунда бир баланс болушу ыктымал, ал биз өндүргөн продукция сыртан өндүрүлүп келген продукцияга караганда 10-15 пайыз кымбат сатылышы мүмкүн. Анткен менен ал өзүбүздүкү да. Мында фермердин курсагы ток, керектөөчүлөрдүн дасторконунда дагы сапаттуу, таза продукция болот. Айыл чарба министрлигине өтө чоң укуктар берилип, бирок стратегиялык маселелерди, ошол эле азык-түлүк коопсуздугун иреттеп жүргүзө билген кадрлар келиши маанилүү. Себеби айыл чарба тармагында башаламандык өкүм сүрүүдө. Азыр жаңы токтом кабыл алынды, ага ылайык тамчылатып сугаруу системасын колдонгон фермерлерге арналып, 426 миллион сом арзан кредит бөлүндү. Бирок, кайсы жерлерге тамчы сугат системасын колдонору белгисиз. Эгер бак тигем десе, бак тиккенге кошо бериш керек да. Бош эле жаткан талаага тамчы сугат системасын колдонобу? Ушундай чийки чечимдер таңгалдырат. Өкмөттүн милдети жаштарды жумуш менен камсыз кылуу, миграцияны тизгиндөө, жокчулук менен күрөшүүнүн конкреттүү багыттарын чечүүчү, каржылоону иретке келтирген агрардык саясатты жүргүзүү болуш керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер