Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевге чабуул күч алды. Кечээ эле “кыңк” эте алышпай отурушкан...

Ташиевге чабуул күч алды. Кечээ эле “кыңк” эте алышпай отурушкан...

15-февраль, 01:57
10 068 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Дарыланып жаткан жеринен Камчыбек Ташиев Германиядан шашылыш учуп келатканы жарыяланып, көпчүлүк катмардын бүйүрүн кызытып койгон. Келгенден кийин пресс-конференция берери айтылып, бирок тынчып калды. Калың катмар дагы эле Ташиевдин билдирүүсүн күтүп атышат. Эмнегедир жымжырттык өкүм сүрүүдө. Учурда ар кандай божомолдор жорто баштады. Айрым билермандар Камчыке азырынча унчукпай туруп, качан гана президенттик шайлоого старт берилгенде чыгарын, оппозициялык талапкерге айланарын айтышууда. “Ага чейин саясый рейтинги түшүп кетпейби? “Канат-куйругу кыркылып”, кысымга алынсачы?” дегендер да бар. Айтмакчы, бир тууган жээни Ысык-Ата районунун прокурорлугунан алыныптыр. Жакындарына, командасына карата чабуулдар дагы күчөйбү? Анан калса, соцтармакта Ташиевге сын-пикир айткан, каралаган, төө бастыга алууга киришкен блогер, фейктер көбөйүп баратат. Ар тарабынан атакага алуу курчуйбу? Оомал-төкмөл заманаң ушундай тура. Кечээ эле баары “кыңк” эте алышпай шүк отурушкан...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер