Алтындан кымбат кызга бакыт каалайм! Биздин жолдор кезиксе...


(Айсулуу Тыныбековага!)
Дүйнөлүк күрөш мелдештеринде, олимпиада оюндарында ири ийгиликтерге жеткен Айсулуу Тыныбекова кыргыз элинин сыймыгына жаралган асыл жан! Канча ирет желегибизди желбиретти! Элибизди ааламга таанытып келатат. Азамат кыз! Быйыл байкасам, Айсулуу 31 жашта экен. Спорттун артынан жүрүп, турмушка да чыга элек тура. Артынан сөз айтып, жактырган мырзалар арбын болсо керек. Мен да балбан кызыбызды баалайм. Ачыгын айтсам, анын сабырдуулугу, тырышчаактыгы жана эркинин күчтүүлүгү өзгөчө. Шамдагай, карылуу, чыныгы баатыр! Ушундай тубаса ийгиликтүү, эмгекчил жандын жолдошу азырынча белгисиз. Мага окшогон эркектер көз артып жүргөнүбүз менен шансыбыз деле жок го... Эмнеси болсо да, алтындан кымбат Айсулууга бакыт каалайм! Биздин жолдор кезиксе, балким баарлашабыз. Илимдин артынан жүрүп, мен да 40 жашка жакындап калдым, үйлөнө элекмин. Балдарыбыз бекем, акылдуу, балбан болушу үчүн спорттогу кыздарга баш кошсоң, баары шайма-шайынан келсе керек. Анүчүн сыймыгыбыз, кыйыныбыз Айсулуу бар, үмүтүм зор! Кыялдануу жакшы. Максатка жетүү үчүн иштейли. Балким Кудайдын жазганы бардыр...
Асылбек
"Азия Ньюс" гезити











