Алишер Эрбаев, ЖК депутаты: “18-майдагы окуя боюнча милициянын жоопкерчилиги каралсын!”
-- Алишер Ташбаевич, азыр эле бир кесиптешиңиз 17-18-майда болгон окуя боюнча ИИМдин да жоопкерчилигин кароону сунуштады. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?
-- Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин жоопкерчилигин караш керек. Себеби, окуя 13-майда болуп атат, жарандар 18-майда көтөрүлдү. Ошону күтпөстөн, кандайдыр бир кооптуу жагдайды түзбөстөн, иш-чараларын көрүшү керек эле. Милиция оперативдик ыкчам иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү, чет элдиктерди сабагандарды таап, чара көргөндө, жанагындай жагдай түзүлмөк эмес.
-- Акыркы кездерде биздин тигүү цехтеринде чет элдик жумушчулар пайда боло баштады. Кандай дейсиз, кечээги окуянын чыгышына кандайдыр бир өлчөмдө ошол нерсе да себеп болгон жокпу?
-- Бизде жеңил өнөр жайында иштегендер жетишпесе, сырттан алып келет да. Азыр бюджетке чоң акча, киреше берип жаткан ушул жеңил өнөр жайы. Андан сырткары, биздин жарандарды жумуш менен камсыз кылышууда. Акча төлөмдөрү түшө баштагандан кийин көңүл буруш керек. Айла жок... Президент деле айтпадыбы, “Акүйдү курабыз десек куруучулар жок болуп, сырт жактан 600дөй жумушчу алып келдик” деп. Бул – замандын талабы. Өзүбүздүкүлөр “иштебейбиз” десе, сырттан алып келүүгө аргасызбыз да...
"Азия Ньюс" гезити