Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алты жакынынан айрылган Нурландын күйүтү. Апасын, карындашын, 2 кызын жана 2 жээнин сел агызып кетти

Алты жакынынан айрылган Нурландын күйүтү. Апасын, карындашын, 2 кызын жана 2 жээнин сел агызып кетти

13-июль, 18:20
1 805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир учурда апасы, эки кызы, карындашы, эки жээнинен ажыраган Нурлан Шайымбеков бүгүн 13-июлда жакындарын жерге берди. Ал башында жакындарын жайлоого жөнөтүүнү каалабай, бирок жаңыдан тили чыгып келе жаткан кызынын «ата, эшек минейинчи?» деген суранычын четке какпай, баарын жайлоого жөнөткөн. Ал азыр өзүн коюуга жер таппай, карайлап турат.

Кичинекей кызынын сөөгү дагы деле изделүүдө. Ал эми улуу кызы котормочу болууну кыялданып, бирок ал максаты ишке ашпай кетти. Нурлан Шайымбеков окуянын чоо-жайын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берген.

«Күн алыс жайлоодогу чатырга барып, ал жактагы мал-жанга көз салып, кайра үйгө келчүбүз. Үй менен жайлоодогу чатырдын аралыгы 3 чакырымды түзөт. Кечээ кыздарым, апамдар “жайлоого барып келели” деп туруп алышты. Эмнегедир аларды жибергим келген эмес. Бирок эми эле тили чыгып келе жаткан 2,5 жаштагы Фатимам “ата, эшек минем” дегенинен уруксат бергем. Анан да карындашым жакында эле Бишкек шаарынан балдарын көргөнү келгендиктен, бир аз эс алып келишсин дегем.

Кечээ эртең менен апам, карындашым, кыздарым жана жээндерим, дагы бир айылдашыбыз болуп кетишкен. Мен жүгөрүгө суу коём деп калгам. Түштөн кийин бир аз жамгыр жаады. Кечке жуук жамгыр күчөгөндүктөн, алар чатырга жамгырдан корголонуп кирип кетишкен экен. Ошол учурда сайдагы суу келип, баарын жайпап кетиптир. Кечки саат 19:30 чамасында угуп калып, окуя болгон жерге жетип бардым. Үйүбүздү таштар басып калыптыр. “Аман болушса экен” деп барсам, баары бизди таштап кетишкен экен... Айыл эли, туугандар, куткаруучулар келип, сөөктөрдү табышты. Бирок кичүү кызымдын сөөгүн таба албай жатабыз. Бешенеге жазганы ушул экен. Чыдай албай жатам. Бир учурда жакындардан айрылып калуу абдан оор экен. Бүгүн кичүү кызым Фатимамдан бөлөк бардык боорлорумду жерге бердик. Улуу кызым быйыл 11-класска көчкөн. Сабакты жакшы окугандыктан “келечекте котормочу болом” деп кыялданчу. Байкуш кызым ойлогон максатына жетпей калды. Ичим өрттөнүп жатат. Мындай күндү эч кимдин башына салбасын!» дейт Нурлан Шайымбетов.

Окуяга күбө болгон 72 жаштагы айыл тургуну Манас Жолдошалиев көз алдында каза болгон баланы унута албай турганын айтат.

«Кечээ кечке жуук жайлоодо жүргөм. Бир учурда сайда суунун деңгээли көтөрүлүп, көп келе баштады. Мен сайдын берки бетинде жүргөм. Аркы бетинде дагы бир айыл тургуну уулу менен эчкилерди байлап жүргөн. Бир учурда кыян менен кошо келген шилендилер, суу каптап, жанагы бала заматта жок болуп кетти. Мен сайдын аркы өйүзүндө тургандыктан, колумдан эч нерсе келген жок. Ал эмес, аны атасы да куткара алган жок. Азыр ошол көрүнүштү дагы деле унута албай жатам» деди күбө Манас Жолдошалиев.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер