Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаз жарчысы – “Жылкычы чымчык”

Жаз жарчысы – “Жылкычы чымчык”

01-февраль, 19:30
1 377 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин Бегалы аттуу бир досум бар. Ал да журналист, Кубат акенин окуучусу. Бирок, университетте окуп жүргөндө эле кино менен “ооруп” калып, ошол ышкысынын айынан окууну бүтөөр замат “Кыргызфильм” киностудиясына иштеп кеткен. Ал жакта он жылдай эмгектенди окшойт. Картиналарга директор, режиссёрго жардамчы болду. Анан союз тарап, кино тартылбай, киночулардын ар кимиси ар кайсы жакка тарай баштаганда ал да “акча жыйнап келип, кино тартам” деген аруу ниет менен бизнеске кеткен. Ошол досум акыры эңсеген киносун тартып, көрөрмандын назарына сунуштап отурат. Өткөн жумада Кино үйүндө премьерасы болду. Сценарийин өзү жазган, режиссёру, продюсери да өзү. 

Тасма “Жылкычы чымчык” деп аталат. Бул фильм жакшылык туурасында, тоолуктардын тазалыгы, карапайым кишилердин улуулугу жөнүндө. Кайдыгерлик, пейилдин, экологиянын бузулушу, эптеп акча табуу, бала сатуу... Айтор, бүгүнкү күндөгү курч көйгөйлөрдүн баары камтылган.

Тасмада эки асыл адамдын өмүр таржымалы бир түз сызык болуп, баштан-аяк жанаша өнүгөт. Алардын бири адам өмүрү үчүн алышса, бири мөңгүлөрдүн келечеги үчүн күрөшөт. Фильмдин соңунда тагдыр келечек үчүн жан үрөгөн бул эки кейипкерди бийик чокудан, мөңгүнүн астынан жолуктурат.

Стоп! Баарын айта берсем кызыгы кетип калбайбы. Калган кызыкты көрүүчү өзү көрүп, баа берсин. Тамшанып, рахат алууга убакыт бар.


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер