Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 28 жаштагы жаран көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылды

Бишкекте 28 жаштагы жаран көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылды

08-ноябрь, 17:42
555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте кечээ, 7-ноябрь күнү кечинде 28 жаштагы жаран көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

“102” кызматына “Алматы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн белгисиз жаран секирүүгө аракет кылып жатат” деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1993-жылы туулган Б.А. аттуу жаран көпүрөдөн өзүн таштоого аракет кылып жаткандыгы аныкталган. Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери секирүүгө аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышкан” деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Кийин бул жаранды Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирип, туугандарын чыкырып, өткөрүп беришкен.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер