Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттикпи же президенттик башкарууга барабызбы?

Парламенттикпи же президенттик башкарууга барабызбы?

08-январь, 16:27
1 267 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер:

-- Мен “баарына каршы чыккыла” деп айтат элем. Дүйнө жүзү боюнча таза президенттик форма курулуш жок. Парламенттик да жок. Аралашма гана формалары бар. Ошондуктан “президеттик же парламенттикти тандагыла” дегендин өзү ката. “Баарына каршы” деген акыркы бир графа бар. Мыйзамсыз референдумду жокко чыгаруу үчүн “баарына каршы” деген добуш берүүгө чакырам. 

Марс Сариев, саясат таануучу:

-- Парламенттик республика деп бизде айтылганы менен ал декларация боюнча калды. Чынында президенттик республика болчу. Атамбаевдин убагында юридикалык жактан парламенттик, чыныгы фактыны алсак президенттик башкаруу болгон. Бирок президент эч кандай жоопкерчиликти алчу эмес. Премьер-министрге жоопкерчиликти артып, анын айынан канчалаган премьер-министрлер отставкага кетишти. Президент башкарып, бирок баарын премьер-министр мойну менен тартчу. Парламент болсо президенттин айтканын аткарчу. Мындайча айтканда, бизде парламенттик башкаруу болгон жок. Европа парламенттик республиканы курганга 300 жылдай убакыт кетирген. Бизде 20-30-жылдын ичинде кура коюуга мүмкүн эмес. Ал болбойт. Азыркы акыркы чакырылыштагы 120 депутат таптакыр элдин оюн өзгөртүп, талкалап салышты, б.а. парламенттик башкарууга элдин итиркейи келе турган абалга жеткирип коюшту. Эми каалайбызбы-каалабайбызбы, референдум болгондо “бир адам баарын мойнуна алып, керт башы менен жооп бериши керек” деген ойду айтып жатышат. Азыр президенттик башкаруу болгондо мурдагыдай премьер-министрге шылтабайт. Ошон үчүн курултайдын үстүнөн иштеп жатышат. Илгертеден курултай көп маселени чечип келген. Учурда Монголияда курултай менен чечүү бар. Эгер курултай болсо, парламент деле маанилүү эмес. Улуу курултай деп ага уруу кыйындары чакырылчу.

Азыркы депутат, бизнесмен, базаркомдордо намыс жок. Куру убадалар менен шайлануунун жолун издеп, мамлекетти да, элди да ойлоп коюшпайт. Аларда биринчи кызыкчылык жеке өздөрүнүн маселелери болуп келди. Ал эми курултайда намыс биринчи орунда турат. Анткени, артында аны шайлаган уруу турат. Азыр өкмөттүк эмес уюмдар, Батышты карап тургандар каалайбы-каалабайбы референдумда президенттик башкаруу өтүп кетет. Садыр Жапаров президент болот. Андан соң ар кандай чакчелекейлер күтүлүшү мүмкүн. Себеби, контрреволюция деген бар. Андайга даярдангандар дагы арбын. Бирок, Садыр Жапаров биринчи турда эле өтөт.

Ташболот Балтабаев, коомдук ишмер:

-- Президенттик башкарууга жакшы эле пикирдемин. Бирок анын укук-милдеттерине алымча-кошумчаларды киргизүү керек деп эсептейм:

1. Аткаруу бийлигин өзү, премьер-министри жок башкаруу керек.

2. Өкмөттүн жана президенттин аппараты бир болсун.

3. УКМК жана башкы прокурор президентке жана парламентке баш ийиши зарыл.

4. Сот системасы президенттен көз каранды болбошу шарт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер