Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2050-жылга карата сокур адамдардын саны үч эсеге жогорулайт

2050-жылга карата сокур адамдардын саны үч эсеге жогорулайт

06-январь, 12:29
706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыр дүйнөдө сокур адамдардын саны 36 миллион, 2050-жылга карата алардын саны 115 миллионго жетиши мүмкүн. Айрыкча улгайган адамдардын көзү көрбөй калат. Дүйнөдө көзү начар көргөн адамдардын көбү Түштүк Азия менен Африканын субэкватордук аймактарында жашашат.

Азыркы учурда көзү начар көргөн адамдардын саны төмөндөп жатат. Ошентсе да, окумуштуулар көзү көрбөгөндөрдүн саны барган сайын өсө бере турганын айтышат.

188 өлкөдөн алынган натыйжалар боюнча, дүйнөдө 200 миллион адам көздүн көрүүсүнөн азап тартышат. 2050-жылга карата бул көрсөткүч 550 миллионго жетет.

“Көзү бир аз болсо да начар көргөн адамдар көп нерседен кыйналышат. Мисалы, алар унаа айдай алышпайт”, - дейт профессор Руперт Бурн.

Изилдөөнүн авторлору көз ооруларын дарылоо менен профилактикага көп каражат бөлүү керектигин билдиришүүдө.

Алып карай турган болсок, дүйнөдө көздүн көрүүсүнөн жапа чеккендер мындай тартипте жайгашкан: Түштүк Азия – 11,7 миллион, Чыгыш Азия – 6,2 миллион, Түштүк-Чыгыш Азия – 3,5 миллион, Африка калкынын 4 пайызы, Батыш европа өлкөлөрүндө калктын 0,5 пайызын түзөт.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер