Келдибек Ниязовду Россия президенти кантип куттуктады?


Россиянын президенти Владимир Владимирович Путин Кыргызстанга келгенден кийин филармониянын тамашакөй жигиттери Нурдин, Кутман, Чырмаш, Кылыч, Уландар эригип кетип, Улан баш болуп мындай деп калат: “Ай балдар, келгиле, Келдибек байкени тамашага салалы. Билесиңер, Келдибек байке 1952-жылы 8-сентябрда төрөлгөн. А Путин болсо 1952-жылы 8-октябрда. Биздин агабыз Россия президентинен ашык-кеми жок бир ай улуу болуп атат” дейт да, балдар менен кеңешип, телефон аркылуу куудул байкесине чалып, “Келдибек байке, Владимир Владимирович менен биздин Садыр Нургожоевич сиздин 70 жылдыгыңызды куттуктап үйүңүздө болуптур деп угуп ататбыз. Ушуну өз оозуңуздан уксакпы дедик эле?” дешет. Анда Келдибек байке эч бир шашкалактап кетпей, токтоо “Путиндин биздин үйгө келери мындан бир ай мурун такталган. Катчысы Песков мага чалып, Владимир Владимрович Кыргызстанга барганы калды. Протоколдон тышкары жарым саат убакытты сизге бөлүп, 70 жылдыгыңызды куттуктаганы үйүңүзгө тийе кетет. Мына жанымда турат, Келдибек ава, Владимир Владимировичке телефонду берип атам дээр замат ары жактан “ал-ло Кеке брат, кандайсың? Былтыр 70 жылдыгыңды куттуктай албай калдым. Быйыл сөзсүз куттуктайм. Жаңыл аяштын колунан чай ичип жарым саатча болом. Куру кол барбайм. Кадимки орустун аюусунун үч айлык мамалагын ала барам. Кеке, кыргыздын улуттук тамактарын аябай сагындым. Кызгылтым куйкаланган козунун башын, Ак-Талаанын кызыл таруусунан жасалган “жылан түкүрмө” бозосун, Ат-Башынын ак балын, быжы, жөргөм, ак серкеси болсун” деген болчу.
Ошентип Путин менен Садыр иним экөө келишти. Дасторкон дапдаяр болчу. Сразу эле колго суу куюулуп, эт тартылды. Путинге баш менен кошуп жамбашты, экинчи жамбашты Садыр иниме бердим. Володя башты ырааты менен бузуп, таңдайын Тинатин небереме берип, “эмдиги келгенде өз колуң менен сайма сайылган бетаарчы бересиң” деди. Бир кулагын кесип Нияз небереме берип, “ата-энеңдин айткандарын угуп жүр” деди. Эки көздү үчкө бөлүп, “көздөшүп жүрөлү” деп үчөөбүз жедик. Ага чейин Садыр экөөбүз этти күлмайда кылып туурадык. Атайын сактап жүргөн чучук бар эле, Путинге карматтым. Ал кадимкидей чучуктун кабыгын өзүнчө, этин өзүнчө, селдесин өзүнчө туурап, туураган эттин үстүнө коюп атып, “мен минтпесем силер орусча колбаса кылып кесип салмаксыңар” деп бир жылмайды да, табагындагы козунун жамбашынан бир кесим оозуна салды да калганын Малик небереме сунду. Байбичем шашкалактап көк пакетин көтөрүп келе калып, “өзүнчө салып берейин, үйгө барганда кошуна-колоң менен ооз тийип коюшса дегем” деди. Путин “бизде, орустарда эркектер пакет көтөрбөйт” деп уяткарды. Туураган эттен эки-үч жолу кашыгы жок эле колун чарага салып, үстүндөгү селдесин аралаштыра сугунуп, анын артынан ак серкеден бир чоң чыны кылкылдата жутуп, чыныны жерге коюп атып, “вот это я понимаю. Всю жизнь мечтал, наконец-то!” деп колун майлык менен аарчып бүтүп, курсагын бир сылап алды. Артынан колго суу куюлгандан кийин мен да Путиндин өтүп кеткен 70 жылдыгын куттуктап, атайын алдырган ак илбирстин үч айлык баласын (мыймыйын) белек кылдым. Сүйүнгөнүн айтпа, кудуңдап эле калды. Путин менен Садыр Жапаровдун менин үйүмө келгенин эч ким байкабай, билбей деле калды. Муну мен деле эч кимге жар салган жокмун. Болгону силер сурадыңар, а мен төкпөй-чачпай айтып бердим” деди...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











