Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Көлдө жайган Айтматовдун дасторкону...

Ысык-Көлдө жайган Айтматовдун дасторкону...

26-май, 21:53
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алтай тоолорунун көлөкөсүнөн Месопотамиянын берекелүү жерлерине чейин созулган бул баяндама. Бир элдин эмес, адамзаттын аңызы... Калемдери менен талааны сүйлөткөн, тоолорго кайгыны айткан, унчукпаган мезгилдерге үн берген үч улуу ысым: Чыңгыз Айтматов, Яшар Кемал, Зүлфү Ливанели…

1986-жыл болчу. Советтер Союзу али тарай элек, бирок анын силкинүүсү сезилип турган. Ошол күндөрдө Ысык-Көлдүн жээгинде Айтматовдун үйүндө бир дасторкон жайылды. Мындай көрүнүш жөн гана отуруу үчүн эмес эле, бул дасторкон кылымдарга чакырык таштап, адамзаттын жалпы ыйманын талкуулоо үчүн болчу. Айтматовдун чакыруусу менен ал дасторконго келгендер жөн гана жазуучулар эмес, келечекти көргөн, адамдын ички үнүн уккан, доорго күбө ыйман ээлери: Артур Миллер, Жеймс Болдуин, Элвин Тофлер, Питер Устинов, Клод Симон, Афеворк Текле, Федерико Майор, Аугусто Форти жана Түркиядан эки кайраттуу калемгерлер: Яшар Кемал менен Зүлфү Ливанели.

Фрунзеден Ысык-Көлгө болгон ал сапар алгы идеянын көчүн улай, бир ой кербенин калтырды. Анткени, а жерде талкууланган нерсе жөн гана адабият эмес, адамдын жүрөгүнө таасир берчү ирмемдер эле. Форумда жаңырган бир сүйлөм алигүнчө мезгилдин тереңинен бизге үн салат: “Дүйнөнүн келечегин жөн гана саясатчыларга калтырбашыбыз керек” деген. Кандай туура! Анткени, саясат көбүнчө кыска мөөнөттүү кызыкчылыктардын артынан түшөт, адабият болсо узак убакыттагы чындыкты издейт. Калем кылычтан курч болгон жерде, сөз ыйман менен жолуккан ар бир маекте адамзат кайрадан төрөлөт. Ысык-Көлдүн жээгинде жайылган ал дасторкон дал ушундай бир төрөлүүнүн жарчысындай жадыбызда калды.

Жылдар өттү. Асман, балким, ошол бойдон калды, бирок жылдыздар бирден-бирден өчүп баштады. Ысык-Көл али ошол жерде турат, бирок ал дасторкондун айланасында жаңырган үндөр, азыр шамалга аралашкандай…

Жакында Кыргызстандын тарых музейинде көзүмө түшкөн бир сүрөт: Айтматов, Яшар Кемал жана Ливанели… Бир эле алкакта, чулу кыялдын ичинде… Ал сүрөттүн алдында узакка турдум. Бул жазуучулар өз өлкөлөрүнүн гана эмес, адамзаттын жалпы тилин сүйлөшкөн да. Өзүмө суроо бердим: Эмне үчүн бүгүн мындай дасторкондор жайылбайт? Же чын эле жакшы адамдар бизден узап кетишкенби? 

Алар кетишкен жок. Анткени, көч жолдорунда кыйналып жаткан адамдарды, Жер Ортолук деңизинде жоголгон өмүрлөрдү, согуштардан улам талкаланып жаткан шаарларды, Сирияда жоголгон балдардын үндөрүн, Африкада суусуздукка туш болгон өмүрлөрдү көргөн ар бир ыйман алардын мурасын көтөрүүдө.

Ысык-Көл али ошол жерде. Месопотамия да турат. Асманда жылдыздар али жаркыраса, биз ал нурду кайрадан жандыра алабыз. Биз унуткан ошол суроону кайрадан сурайлы: “Адамзат кайда баратат?” деп. Бул жолу жоопту сарайлардан, дасторкондордон, протоколдордон, ырлардан, саясатчылардан эмес, жүрөктөн чыккан үн менен алабыз. Анткени, адабият жөн гана өткөндүн күзгүсү эмес, келечектин компасы. Биз бул компасты жоготкондо жолубуздан да таябыз. Бирок, али убакыт бар, жетиштүү. Ошол дасторконду кайрадан жайылталы. Талаанын ортосунда дагы бир жолу чогулалы жана асманга карап, мындай дейли: “Эй жылдыздар! Биз бул жерде турабыз, силерден алган нурду жоготкон жокпуз…”. Чыңгыз Айтматовдун айтканы бар: “Адам өзүн өзүндө көтөрө албайт. Адам башка бирөөнүн ичинде жашашы керек, ошондо гана бар болот”.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер