Жоголгон адамдын сөөгү аэропорттогу унаадан табылды


“Манас” аэропортундагы кайтарылбаган унаа токтотуучу жайдагы автоунаалардын биринен белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында Чүй ШИИБнин пресс-кызматы билдирди.
Укук коргоо органдарынын айтымында, маркум мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүлгөн. Бул тууралуу “Адам өлтүрүү” фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Маркум, Комсомол айылынын 39 жаштагы тургуну экени маалым болду. Кечээ, 23-октябрда маркумдун бир тууганы, агасынын дайынсыз жоголгондугу тууралуу милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында агасы эртең менен саат тогуздар чамасында “Манас” аэропорту тарапка кеткен, ошол боюнча кабары белгисиз болуп, кайтып келген эмес.
Арыз жазылгандан кийин бир нече саат убакыт өтпөй, укук коргоочулар аэропорттун унаа токтотуучу жайынан кыйнап өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Маркумдун сөөгү унаанын артындагы жүк салуучу салонунда болгон. Унаа маркумга тиешелүүбү же башка адамдыкыбы азырынча иликтенүүдө.
Учурда бул кылмыш иши ИИМдин иликтөө кызматына жөнөтүлүп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.
Aryba.kg