Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук банк Баткенде жабыркагандардын кредитин кечүү токтомун чыгарды

Улуттук банк Баткенде жабыркагандардын кредитин кечүү токтомун чыгарды

10-октябрь, 12:35
320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга жана коммерциялык банктарга Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган жарандардын насыяларын кечүүнү сунуштаган токтом чыгарды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароого тапшырма берген.

Улуттук банктын сунуштамасы:

-- каза тапкан, жарадар болгон, бизнесинен же турак жайынан ажыраган жарандардын кредиттерин кечип салуу чечимдерин кабыл алуу;

-- кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу;

-- кредиттик келишимдердин шартын кайра карап, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо;

-- убагында төлөнбөгөн сумма үчүн айыптык санкцияларды колдонбоо, үстөк пайызды чегербөө;

-- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштыруу.

Ошондой эле токтом тууралуу финансы-кредиттик уюмдары өздүк сайттары жана башка тармактар аркылуу жабыркаган кардарларга маалымдоо зарылдыгын белгиленген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер