Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Саидов: “Күйүүчү майдын кымбаттоосу токтобосо, социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн”

Медербек Саидов: “Күйүүчү майдын кымбаттоосу токтобосо, социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн”

03-февраль, 12:17
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда элди кыжырланткан жагдайлардын бири – күйүүчү майдын баасы болуп жатат. Дагы көтөрүлөрүн маалымат жыйын өткөрүп, Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатовбилдирди. Мунун акыры кайда алып барат? Кандай жолдорду издесе болчудай?

-- Бензин жана унаа газдын баасы жок дегенде бир жылда 50%га өстү. Дагы деле өсүү темпи уланып жатат, бирок бийлик тараптан болгону “дүйнө жүзүндө нефтинин баасы көтөрүлдү, ошондуктан бизде дагы өсүп жатат” деген актануудан башка сөз айталбай жатат. 

Албетте, бензиндин 80%ы Россиядан ташылып келинет экен, унаа газы болсо Казакстандан жана Россиядан алынууда. Менин оюмча, Россияга болгон санкциялардын кесепети бизге дагы тийип жатканы талашсыз. Ошондуктан орустар бюджетти бизге окшогон өлкөлөргө бензиндин баасын кымбат сатып, компенсация кылып жаткандай. 

Бирок биз бир гана Россияга байланбай, альтернативдүү жолун дагы карап көрүшүбүз керек окшойт. Мисалы, Түркмөнстандан же Азербайжандан, балким Иран ислам өлкөлөрүнөн деле импорт кылуу жолун изилдеп көрсөк кантип болбосун? Мындай темп менен кетсек, эртеби-кечпи сөзсүз кризиске кептелебиз жана социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер