Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Кашкарды, Опумбайды, Сокени сотко алып келүүнү айтып атабыз”

-- Мээрбек, бизди кызыктырган бир эле суроо, Кой-Таш окуясына байланыштуу сот кантип атат?
-- Кой-Таш окуясына байланышкан сот баягыдай эле уланып, жумасына бир жолу болуп атат. “Альфа” кызматкерлери дагы деле суралып бүтө элек. ИИМ кызматкерлери буга чейин суралып, алар бизге “эч кандай дообуз жок” деп жооп кайтарышты. “Альфа” кызматкерлери болсо, “убакыт өтүп, 5 жыл мурда болгон окуянын баары эсибизден чыгып кетти” деп атышат. Ал эми кызматта эместери ачык эле “Кой-Таш” окуясына Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана Сооронбай, Асылбек Жээнбековдор күнөлүү!” дешүүдө.
-- Соттор “Жээнбековдор күнөлүү” дегенге кандай реакция кылууда?
-- Алар эч кандай реакция кылбай эле. Биз “Кашкарды, Опумбайды, Сокени сотко апкелгиле. Алар Бишкекте эле жүрүшөт. Тойлордон көрүп атабыз. Күбө катары окуянын чоо-жайын айтып, сурак беришсин. Ошондо Кой-Таш окуясына чекит коюлат. Кимдер күнөөлүү, кимдердин күнөөсү жок экени айдан ачык билинет” деп атабыз.
-- Жок дегенде офицердин өлүмү ачыкталчудайбы?
-- Аны башында Алмазбек Атамбаевге шылташкан. Кийин милициялар жана “Альфа” кызматкерлери “Алмазбек Атамбаев аткан эмес. Өзүбүздүн арабыздагы эле бирөөнүн огунан каза болгон. Анын чын-бышыгын Соке менен Кашкар билет” дешкен.