Жашоомдо кызганчаак жана ашыкча тыкан эркектер гана жолукту...

Жөн гана ичимдеги бугумду чыгаргым келет. Жанымда эжем, досторум бар болсо да, өзүмдү бул дүйнөдө жалгыз сезем.
Эжем экөөбүз эгиз козудай бирге чоңойдук. Ата-энебизден эрте ажырап, жетим өстүк. Балалыгымдан бери дайыма эжемдин көлөкөсүндө калчумун. Ал ар бир майда нерсеге ыйлап, көңүл бурдурчу. Мен болсо ыйлагым келсе да үнүмдү чыгарбай калчумун, анткени, жеке оюм, сезимим эч кимге кызык эмес эле...
22 жашымда курбуларымдын арасынан биринчи кыздуу болдум. Бирок ошол учурда жолдошум башканы таап, мени таштап кетти. Кичинекей кызым менен жалгыз калдым. Оор күндөргө, сын-пикирлерге, кыйын күндөргө чыдадым. Көз жашым кургабай. Кош бойлуу кезде өз эжемден да басынтууларды уктум. Берген жардамын айта берип кайра сыгып алчу. Мырзалар менен да жолум болбоду – кызганчаактар, түшүнүксүздөр жана ашыкча тыкандар гана жолукту. Турмуш кызыксыз, күндөр бирдей. Жашагың келбей калат ушундайда...
Элиза
"Азия Ньюс" гезити