Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков, генерал: “Камчыбек Ташиевдин аракети көпчүлүк адамдарды кубандырып, бирок...”

Артур Медетбеков, генерал: “Камчыбек Ташиевдин аракети көпчүлүк адамдарды кубандырып, бирок...”

09-январь, 19:30
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, мамлекетте коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштөн майнап чыгып жатабы?

-- Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери коррупция, уюшкан кылмыштуулук жана экстремизм, наркобизнеске окшогон бир топ кылмыштуу багыттар пайда болду. 33 жылдын ичинде президенттердин баары тең коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге, наркобизнеске каршы күрөш жарыялашты. Бирок, ал аракеттер убактылуу болуп, же аягына чыкпаганы үчүн улана берчү. Себеби, айрым учурда бийликтегилер коррупциянын гүлдөшүнө, уюшкан кылмыштуу топтун өрчүшүнө шарт түзгөн учурлар да болду. Маселен, УКТны өздөрүнүн саясый оюндарына аралаштырып, шайлоодо алардын кызматын көрүп, табакташ болуу адатка айлана баштаган. Мына ошондой жат көрүнүштөр Кыргызстандын экономикасын сазга батырды. Тагыраагы, кылмышкерлер менен коюн-колтук алышкандар коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы күрөшүүгө кыйла тоскоолдуктарды жаратышты. 

Азыркы бийлик мурункулардан айырмаланып, жарым жылдын ичинде коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө катуу чараларды көрө баштады. Жылыш бар... Бирок, коррупционерлер менен УКТнын тамырын кыркуу, санын азайтуу убактылуу күрөш болбошу керек. Алдыда азыркыдан дагы чоң айыгышкан кармаштар турарын сезип, даяр болуу зарыл. Себеби, алар менен күрөшүү оңойго турбайт.

-УКМКнын аракеттеринен каралардын тизгини тартылып, коррупционерлер азайып, мамлекетте мыйзам иштей баштадыбы?

-Коррупция жана УКТ менен күрөшүүдө укук коргоо органдары мыйзамды сактап, мыйзамдын жолу менен гана өткөргөнгө шарт түзүшү керек. Анткени, мыйзамсыз жол аркылуу “мыйзамдуулукту орнотом дегенде, коомдо чоң карама-каршылыктар пайда болуп, социалдык жарылууга алып келет. 

УКМК коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен эле эмес, наркобизнес, экстремизм, терроризм жана көчө кылмыштарына каршы күрөштү да көз жаздымда калтырбашы керекАлар ички иштер министрлиги, сот, прокуратура менен бирдикте иштесе, сөзсүз жакшы жыйынтык чыгат. Мамлекетти артка тарткан УКТны, коррупцияны, наркобизнести, экстремизм, терроризмди толугу менен жок кыла албаса дагы, санын кескин түрдө азайта алышат. Себеби, Кыргызстандын социалдык экономикасы кыйналып турган мезгилде наркобизнес, коррупция, контрабанда, УКТ күч ала берет. Ошон үчүн булар менен күрөштү күчөтүп, башка органдар менен да бирдиктүү иш алып барышы керек.

-- УКМКнын укуругунан корккон базар ээлери аргасыз арендасын азайттыбы?

-Азыр базар ээлери, минимаркеттер көпчүлүгү ижарага алган адамдар менен кагаз түрүндө арзан келишим түзүшүп, иш жүзүндө ижара акысын кымбат алышат. УКМК социалдык кризис күчөп турганда, саясый абал курчуп кетпеш үчүн ич ара башаламандыкты болтурбоо максатында базар ээлерине эскертүү берип, ижара акысын арзандатууну сунуштады. Камчыбек Ташиевдин сөзүнөн кийин көпчүлүк базар ээлери аренда акысын төмөндөтүүгө аргасыз болушту... Базарда иштегендер үчүн жакшы болду. Бирок, мындай аракеттин баары мыйзам жүзүндө болушу керек. 

-Ижара акыны арзандатуу, ломбарддардын пайызын түшүрүү УКМКнын функциясына киреби, же Камчыбек Ташиев өзү эле баардык тармакты тескөөгө алдыбы?

-Ачыгын айтканда, улуттук коопсуздук кызматынын баардык тармакты көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгү, күчү, ресурсу жетпейт. Ошон үчүн укук коргоо органдары, сот, прокуратура, коомчулук дагы Кыргызстанды УКТдан, коррупционерлерден тазалаганга жардам бериши зарыл. Ошондой эле УКМК да кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөшүүдө монстрга айланбашы керек. Аренданы арзандатуу, пайыздык чендерди азайтуу УКМКнын функциясына кирбейт, бирок алар абалды турукташтыруу максатын көздөсө, анда авторитардык, тоталитардык системанын аракеттерине окшотпой, мыйзамдын алкагында иш кылышы шарт. УКМК акыркы мезгилде мамлекетте тынчтык, стабилдүүлүк болсун деген максат менен өзүнө ушундай ролду алып алды. Бул убактылуу гана көрүнүш го...

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин аракети көпчүлүк жарандарды кубандырып, бироканын азабын тартып калган айрым адамдарды, байларды кайгыртууда. Мен Камчыбек Ташиевдин пайыздарды азайтуу аракетин убактылуу жасалып жаткан аргасыз иш катары түшүнгүм келет. Себеби, мындай аракеттер системага айланып, улана бере турган болсо, соттук процесстерге, социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн. Канткен күндө дагы УКМК мамлекеттин тагдырында чоң ролду ойнойт. Ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо үчүн алдын ала эскертүү бере турган компетенциясы да бар. 

-- Сойкуканалар менен күрөшүү жыйынтыгын берип жатабы же жабылымыш болуп, кайра тымызын иштей береби?

-Сойкуканалар менен да системдүү түрдө күрөшүү зарыл. Анткени, сойкуканаларды жаптыруу бир күндүк жумуш эмес. Алар менен күрөшүүдө кыздарга мектеп жашынан тарбия берилип, мугалимдер, ата-энелер да ал жакшы жорук эмес экенин айтышып, туура түшүндүрүү абзел. Ошондой эле бул маселе менен күрөшүүдө массалык маалымат каражаттары, коомчулук дагы активдүү таасирин тийгизип, сойкуканаларды кармаган жана алардан үлүш алгандардын да тизгинин тартыш керек. Сойкуканаларга карата бирдиктүү күрөш болбосо, бирин жапса, экинчиси ачыла берет. Ошондой эле интернеттеги порносайттарды дагы жаптырып, жаштарга туура тарбия берүүнү колго алганыбыз маанилүү. Антпесек, жалгыз УКМКнын аракетинен бул нерсе тыйылбайт.

ИИМ дагы сойкуканалар менен күрөшүүдө активдүү болуп, алардын дарегин тактап, токтотууга салым кошушу керек. Айтайын дегеним, сойкуканалар, көчө кылмыштары, УКТ менен күрөштө ички иштер министрлиги да активдүү болгону оң. Анткени, мына ушул тармактар алардын негизги компетенциясы болуп эсептелет. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер