Акыркы кабарлар
» Саясат » Чыңгыз Эсенгул уулу кырк жашка чейинки кыйын кадрлардын алдыңкы сабында
Чыңгыз Эсенгул уулу кырк жашка чейинки кыйын кадрлардын алдыңкы сабында
28-август, 19:30


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кырк жашка чейинки кыйын кадрлардын алдыңкы катарын толуктап турат. Өз ишине тыкан, милдетин так жана таамай аткарат. Мыйзамдын чийиминен чыкпаган чынчылдыгы, аракетчилдиги, ар дайым алдыга умтулуу менен өсүүгө кадам таштаганы кубандырат.
Учурда бийликтин кадр саясатына сындар арбын айтылып, тааныш-билиш аркылуу көтөрүлгөндөр, жаза баса келгендер арбын. Атургай президенттин айланасына чейин жеткендери каңкууланууда. Эми тазаланууга убакыт келди го? Качанкыга чейин аксай беришет?..
Ток этери, Чыңгыз Эсенгул уулу жогорку постторго, жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаганга бышып-жетилип калды. Тазалыгында, профессионалдык ишмердигинде шек жок. Туруктуу, саясаттан алыс. Бийликтин аброюн дал ушундай азаматтар көтөрөт да."Азия Ньюс" гезити











