Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чет жердеги мигрант мекендештерибизге эмнеге кайдыгер карайбыз?

Чет жердеги мигрант мекендештерибизге эмнеге кайдыгер карайбыз?

03-апрель, 15:52
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика, айыл-чарба тармагына өз салымын кошуп, эли үчүн күйүп-бышкан айым Ленара Ниязбекова мигрант мекендештерибиз тууралуу ачуу пикирин билдирди.

“Өз өлкөңдөн бир кадам чыккандан кийин мусапырсың. Биздин эчендеген мекендештер сыртта эмгектенип, өз үй-бүлөсүн багып, мамлекетибиздин бутуна туруп кетишине көмөк көрсөтүп, “жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт” деген абалда күн кечирип келишет. Азыр алардын ар бир минуту тобокелге кептелген. Биз го өз үй, өлөң төшөктө жатабыз. Кантсе да эл ичиндебиз. Мына ушундайда жалпы мигранттар колдоого муктаж. Мигранттардын атына жамынып, төш каккан толгон-токой уюмдар тууралуу кезеги келгенде айтылар. Бирок чет жерде жумушу жок, же акчасы толтура эмес, ыйламсыраган мигрант мекендештерибизге убал болуп жатат. Буларды Турцияга жумушка жиберген бир канча фирмалар бар. Эмне алар үн катпай олтурушат? Шайлоо мезгилинде мигранттардын добушу керек болгондо, айттырбай-дедирбей жанына чуркап барган депутаттар эмне үн катышпайтМекендештер аттуу эл аралык фонд бар эле. Алар кайда? Чет мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн барган элчилер эмне кылып жатышат болду экен? Же баягы эле жоопкерчиликти алгандан айбыгып олтурушабы? Диаспоралар барбы? Эмне болгон күндө да, мигрант мекендештер сыртта жетим баладай, кароосуз, коргоосуз калбаш керек. Учурдагы абалда өз милдеттерин аткара албаган элчилерге да мыйзам чегинде баа берилип, чара көрүлүшү зарыл. Баарыбыз Кудайдан тилейли, сырттагы элибиз боору бүтүн, баштары эсен келип алышсын. Ал эми элчилер кыйын кезеңде өз милдеттерин так аткарышсын, болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын жумшасын!” 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер