Акыркы кабарлар
» Коом » Зулушев той берип, бийликке кемчонтойлук коңгуроосун кактыбы?
Зулушев той берип, бийликке кемчонтойлук коңгуроосун кактыбы?
23-сентябрь, 18:39


Соттолуп аткан адам той берип, анысын бүтүндөй Кыргызстанга жарыялатып, мактанганы кайсы акылга сыят? Баласы аял алып атса, ал үй-бүлөлүк эле майрам! Тилекке каршы, шаң-салтанатын бүтүндөй коомго таңуулап, кимдир бирөөлөр менен атаандашып аткансып, Курманкул Зулушев эмне мынча тамтаңдады? Бир эсе сес көрсөттү окшойт. “Мени соттоп атасыңар, тоюмда аттуу-баштуу байлардын баары отурду. А силердин колуңардан эмне келет? Мына мен кыйынмын!” деген кемчонтойлук коңгуроосун бийликке кактыбы?
Негизи Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп турганда эбегейсиз байып алса, а эмнеге азыр “кустурушпайт”? Эл карап турбайбы! “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери Зулушевге иштебейби? “Жоо аяган жаралуу” деген кепти унутпаш керек.











