Мɵлтүр
(Новелла)
Бул турмушта эч бир унутуута мүмкүн болбой турган эсте каларлык кɵз ирмемдер болот экен. Канча убакыт ɵтпɵсүн, кокус ошол баскан жолдордон ɵтүп калсаң, “кылт” этип дароо эсиңе түшɵт. «Ии-ий, ушул жерден мындай болбоду беле, ушул күнү минтти эле...» дейсиң. Дегеним, ушул тапта борборубуздагы республикалык ооруканага барууга мажбур болдум. Бүгүн эртең менен эрте турдум да, ɵзүмдүн жакшы кɵргɵн кɵйнɵгүмдү кийип, эмнегедир күндɵгүдɵн сулуу, башкача болгум келди. Күзгүнүн маңдайында адаттагыдан башкача жасанып алып оорукананы кɵздɵй жɵнɵдүм. Машинеде баратып, эмнегедир ɵзүмчɵ кызуу ойго терең батып, атүгүл толкунданып да кеттим, анткени мен бара жаткан оорукана тээ алыста калган күндɵрүмдү, эң негизгиси, ак халатчан бир адамды эске салды.
2010-жылы август айында ден соолугума байланыштуу республикалык оорукананын ЛОР бɵлүмүнɵ дарылануу үчүн жатып калган элем. Оорунун кесепети болсо керек, жашоого эч кɵңүлүм жок, дайыма маанайым суз болуп, ɵңдɵн кетип кубарып, ыйлагандан башка эч нерсе билчү эмесмин. Апам болсо жанымда карегим менен тең айланып жүрдү. Күнү-түнү оорукананын чоң залында уктабастан ары-бери басып жүрчү болдум. Медайымдар тез уктоочу дарыларды берип жүрүштү, ага деле болбодум, капаска түшкɵндɵй палатама киргим келбейт. Биздин бɵлүм үчүнчү кабатта. Узун залдын так ортосунда абдан чоң эски жыгач терезе бар эле. Андан сырттагы бийик кабаттуу үйлɵр, дарыгерлердин токтоп турган машинелери, “тез жардам” машинесинин келип-кетип жатканы – баардыгы кɵрүнчү. Ал терезеде эмнени ойлоп турчу экенимди деле билбейм. Болгону, оорукананын үчүнчү кабатына чейин жеткен калдайган чоң калың кара бакты бир карап, жылдыздарды көз чаптыра тура берчүмүн. Мен ал кезде 16 гана жашта элем.
Ошентип, оорулуу оор күндɵрдүн биринде менин кɵзүмɵ “жылт” этип эски таанышымдай бир адам пайда болгон. Ал менин башкы дарыгеримдин ассистенти экен. Менин абалымды суроо үчүн башкы дарыгер менен бирге палатага кирип келишкенде эмнегедир кɵздɵрүбүз чагылыша түштү. Сыр бербедим. Дарыгер апам менен сүйлɵшүп жатканда, а мен тиги жигитти кɵзүмдүн кыйыгы менен байкатпастан уурданып карап алып жаттым. Аппак халаты ɵзүнɵ тим эле сонун жарашып, мыйыгынан жылмайса, эки бетиндеги чуңкурчалары анын жүзүн абдан сүйкүмдүү жана мээримдүү кылып сулуулап турчу эле. Кɵздɵрүнүн тээ тереңинде кандайдыр бир жароокерлик жаткандай туюлуп турчу. Билимдүү адам экен. Акыркы күндɵрү мен жаткан палатага тез-тез келип, жанымдагы кыздардын абалын сурап, мени болсо “жалт” бир карайт да, кайра чыгып кетет. А мен ансайын аны кайдан кɵргɵнүмдү же кимге окшоштуруп жатканымды эстей албай убараланам. Кадимкидей кайра-кайра кɵргүм келе баштады, топ дарыгерлердин арасынан издечү да болдум, айтор, ал жигит башкача эле.
Бир күнү медайым залдан «Мурзакуловду чакырып койгулачы!» деп башка дарыгерлерге кайрылганда, жанагы сүйкүмдүү жигит чуркап келип калды. Фамилиясын ошондо билип алдым... Күнүгɵ кечке маал ийне саюуга келген медайымдардан Мурзакулов жɵнүндɵ сыр бербей, ар шылтоону айтып маалымат чогултуп отуруп, жанагы ассистенттин менден тогуз жаш улуу экенин билдим. Нарын жергесинде тɵрɵлүп чоңоюпур. Медакадемияны аяктагандан соң мен дарыланып жаткан бɵлүмгɵ кабыл алынып, бир топ убакыттан бери жардамчы болуп иштеп жүргɵн экен. Жүрɵгүмдɵ үлпүлдɵгɵн бир башкача сезим пайда болуп, эмнегедир мен аны акыркы убактарда палатадан күтчү болдум. Келбей калса издеп, аны кɵрүү үчүн калп эле чоң терезеге барымыш болуп, бɵлмɵсүнүн жанынан ары-бери ɵтɵм. Кɵрсɵм ичимен кубанып, кɵрбɵй калсам ɵзүнчɵ тынчсызданам.
Баягы эски терезе менин менчиктеп алган ордум сымал, Мурзакуловду ошол жактан күтчүмүн, анткени анын бɵлмɵсү залдын бул башында болсо, бейтаптарды кароочу бɵлмɵ залдын тиги башында эле. Ал баары бир терезеден ɵтɵт, ассистенттин дабышын жаттап бүткɵм, алыстан эле кулак түрүп калчумун. Жаман телефонумду чукулап тура бергенимде, жанымдан ары-бери ɵткɵн сайын таңкалычтуу карап ɵтɵр эле. Бирок сɵзсүз менин кɵзүмдү карап ɵтчү... Эң кызыгы, түндɵсү уктабай басып жүргɵнүмɵ эч ким тоскоол болчу эмес. Демейде кечки 21:00дɵ эле палатадан чыгарбай коюшчу. А мен түнү менен уктачу эмесмин. Ал дагы дайыма нɵɵмɵттɵ болуп, күнү-түнү иштеп жүрчү. Жанагы калдайган мажүрүм талдын кɵлɵкɵсүнɵ токтотуп койгон В2858J номурлуу кара түстɵгү машина Мурзакуловдуку экен. Жумушка келгенин же келбегенин машинесинин бар-жогунан билип жүрдүм.
Мен чындап ашык болуп калдым окшобойбу... Же ошондо ашыктык эмне экенин билсемчи? Ооруганымды да унутуп калгандай, алтургай дарылануу мɵɵнɵтүм бүтүп, кетериме эки күн калганда башкы дарыгеримден суранып, “дагы үч күнгɵ калайынчы” дедим. Бул максатым – Мурзакуловду кɵрүп туруу үчүн гана болчу. Антпесе, дарыланып бүткɵн соң кайрадан айылга кетеримди билем, кадимки мектеп окуучусумун да. Ал жигитке сүйлɵɵдɵн тартынам, эмне деп айтмак элем? Алдымдан чыгып калса денем дүркүрɵп кетчү. Азыр ойлосом, кɵрсɵ, бул менин эң таза, аруу жана мɵлтүр сезимим экен. Баламын да, бала бойдон жакшы кɵрдүм. Сезимимди ичиме каткан боюнча айылыма кете бердим. Бирок эч унутпадым, элесин жоготподум, түшүмɵ да кирип жүрдү. Кыялкеч жаным, мени издеп келчүдɵй үмүт менен күтүп жашадым. “Мен дагы медик болом” деген ойлор келди. Каникул убагында борборго келип калсам, ден соолугумду шылтоолоп дарыгерге барып жүрүп, андан кийин бир-эки жолу гана аны кɵрдүм. Шаардын ичинде кыжылдаган машинелердин номурларынан кɵзүмдү албай Мурзакуловдун машинесин издейм, ага окшош бирɵɵнү кɵрсɵм, бир топко ойлонуп калам. Бул сезимимди ушунчалык бапестеп, аздектеп сактадым. Ага арнап анча-мынча тɵрт сап ырларды, кара сɵздɵрдү жаза коюп, кайра тытып салган күндɵрүм да болду. Жакшы кɵрүп калганымды мойнума алып, “ага билдирем” деген ой менен каттарды да жазганым али бүгүнкүдɵй эсимде. Айтор, ошентип жүрүп он бир жылдык мектепти аяктадым.
Шаарга ЖОЖго тапшырып, студент болгон кезимде интернеттин жардамы менен анын кайсы сайттарды колдонорун таап чыктым, сүрɵттɵрүн кɵчүрүп, ɵзүмɵ чыгарып алдым. Журналистикада окугандыктан интервью алуу үчүн ал дарыгерге жолугам (!) деген ойлор да келди. Бирок эч кадам таштай албай, кудуретим жетпей, намыстанып туруп алдым. Бир жолу сайт аркылуу баракчасына жаздым. «Саламатсызбы, Урмат байке?» деп. Ал дагы тек гана «саламатчылык!» деп жооп берип койду. Мен да тартынып кала бергем.
Кийин деле мен ооруканага аны кɵрүү үчүн барып турдум, байкап калбасын деп корком. Бир жолу барсам, ал ооруканадан кетип, иштебей калган экен. Аны угуп, эч ким жок жерге келип алып ботодой боздоп ыйладым. Ал күндү азыр эстесем, бир чети күлкүм келсе, бир чети жүрɵгүм эзилет. Аттиң, ашыктыгымды Мурзакулов бир билсечи... Ал менин мындай мүнɵттɵрүмдүн бирин дагы байкаган жок, андай дарыгер үчүн болгону кадимки бир бейтап катары кала берсем керек. Мен ал үчүн кичинекей жаш кыз элем.
Интернет аркылуу Мурзакуловдун үй-бүлɵлүү болгонун жана учурда Чүй облустук ооруканасында иштеп жатканын билдим. Жыл сайын 10-апрелде түнкү 00:01 мүнɵт ɵткɵндɵ туулган күнүнɵ куттуктоо жазып жиберем. «Рахмат!» деген гана жооп келет. Мен ЖОЖду деле бүттүм, андан бери мени жандаган жигиттер болбой койгон жок. Бирок мынчалык сезим менен берилген эмесмин. Мен аны акыркы жолу 2012-жылы 10-апрелде кечки саат 20:37де мажүрүм талдын жанынан кɵргɵнмүн. Азыр баары башкача: ал оорукана ɵзгɵрүп калды, баягы мажүрүм тал түп орду менен кыйылган экен. А бирок ошол терезе, ошол бɵлмɵлɵр, ал басып жүргɵн узун зал мен үчүн ошол бойдон сакталып калды. Арадан канча убакыт ɵтсɵ дагы, ак халатчан дарыгерди жүрɵгүмдɵн унутпай келем... Бул менин бактымбы, же шорумбу? Билбейм…