Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вашингтон «түстүү революция» менен башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишмей адатын калтырбады

Вашингтон «түстүү революция» менен башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишмей адатын калтырбады

19-март, 19:06
1 877 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Джозеф Байдендин бийликке келгенден кийинки дайындоолору АКШнын жаңы президентинин администрациясы солчул либералдык демократтар менен толтурулганын жана алар дүйнөгө өздөрүнүн баалуулуктарын кандай ыкма менен болбосун орнотууга даярдыгын баамдоого болот. Тышкы саясаттагы басым Россия менен Кытайга каршылашууга жасалган. Бул максатты ишке ашырууга америкалык бийлик 600 миллион доллар которгон. 

Мындай максаттардын алкагында АКШны «душмандарынын» чок ортосунда жайгашкан Борбор Азия кызыктырары маалым. Өз кезегинде мындай «пайдалуу» жайгашуу ал өлкөлөрдүн ички саясатына Вашингтондун кийлигишүүсүн шарттайт. Адегенде эле америкалыктар Кыргызстандагы шайлоо процессин колго алууга аракет кылышты, максаты – бийликке АКШны жактаган саясатчыларды алып келүү болду. Мындай багыттагы активдүүлүк Акүйдүн мурдагы администрациясы учурунда эле башталганы 2019-2020-жылдардагы Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүү учурунда байкалган. 

2020-жылдагы парламенттик шайлоого карата АКШнын Кыргызстандагы күчтөрү аркылуу таасирдүү саясый ресурс түптөлдү – «Реформа» партиясы. Андан башка да бир катар саясый партияларга басым жасашкан, алар: «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Бир Бол». 

Буга дейре АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы парламенттик шайлоого (2020-жылдагы) 2,5 миллион доллар бөлүнгөнүн, анын жарымы Америкага ыктаган талапкерлерди колдоого багытталып, экинчи бөлүгү «Жалпы иш» коомдук фондун түптөөгө жумшалганын кантип танабыз?

Аталган фонд өткөн жылы парламенттик шайлоо алдында түзүлдү. Ал америкалык демөөрчүлөрү USAID менен АКШ өкмөтүнүн кызыкчылыгына жараша иш жасайт, шайлоо алдындагы процесстерге мониторинг гана жүргүзүшпөстөн, шайлоо учурунда да добуштарды сатып алуу фактыларын чогултушуп, башка эреже бузууларды байкашты го? Аны менен катар өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалды курчутушту. Шайлоого баардык америкалык партиялар «Реформа», «Чоң Казат», «Бир Бол» жана башка мурда аты аталбагандары да катышты. Социалдык иликтөө деп аталган маалыматтар шайлоо жыйынтыгына карата массалык нааразычылыктарды жаратууга кошумча түрткү болмок. Бул ишке миң чакты жаштар тартылышты, алар АУЦАнын студенттери, ж.б. Бул окуу жайдын ректорлугуна 2020-жылы Эндро Качинс дайындалган. Ага дейре Москвада Россия жана Евразия боюнча стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунда программаны жетектеген. Бул бейөкмөт уюм ЦРУнун аналитикалык борбору. 

Талдай келгенде «Жалпы иш» коомдук фонду Кыргызстандагы октябрь окуяларынын башталышына өбөлгө болду. Фонддун жыйынтыгы шайлоодон кийин элдин көтөрүлүшүнө себеп болду. План мындай түзүлгөн: жеңилген партиялар биригип, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен көчөгө чыгат. Андан ары тынч митинг массалык каршылыкка жетип, абактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарынын бошотулушуна алып келмек, биринчи кезекте Сапар Исаков, анткени аны Вашингтон Кыргызстандын кийинки президенти ордунан көргүсү келген. Атамбаевге жаңы революциянын лидеринин ролу тиймек, жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетмек. 

Кыскасы, Вашингтон «түстүү революция» менен башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишмей адатын калтырбады. Ушундай эле сценарий бир нече ай мурун Беларуста да колдонулган. Бирок анда максатына жеткен жок. Ал эми Кыргызстанда план дээрлик аткарылды. Ала-Тоо аянтына оппозиция топтолду, алар «шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз» деп кыйкырышты, БШКга жана бийликке катуу сындарды жаадырышты. Кийинки күнү Атамбаевди абактан чыгарып алышты, ал эми кезектеги төңкөрүштү колуна алмак эле. Аны менен кошо бир катар тарапташтары да эркиндикке чыгышты. Бирок бир нече күн аралыгында америкалык көтөрүлүшчүлөрдүн демилгесин Садыр Жапаров башында турган топ жулуп кетти. Ал жана анын тарапташтары өлкөнү башкарууну өз колдоруна алышты. Атамбаев кайра абакка кетти. Ошентип, америкалык оппозициянын планы кыйрады. 

Колунан бийликти жулдуруп жиберип томсоргон Вашингтон андан кийинки баардык күчүн Кыргызстанда дестабилизация орнотууга багыттап, жаңы сценарий түздү. Ал үчүн толтура мүмкүнчүлүк бар: 2021-жылдын кышында президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум өтсө, жазында конституциялык реформа, андан кийин парламенттик шайлоо... 

Президенттик шайлоодо америкалык ресурстардын катышуусу парламенттик шайлоого караганда аз болду. Америкалык кураторлордун таасирдүү колдоосуна, Вашингтондун Бишкектеги дипломатиялык өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө, кубаттуу маалыматтык коштоочуларга карабай, шайлоодо батышчыл талапкерлер Клара Сооронкулова же Равшан Жээнбековдун жеңиши анчалык деле мааниге ээ эместиги белгилүү болду. Балким, бул Вашингтон Кыргызстандын болочок президенти жана анын жан-жөөкөрлөрү менен тил табышууга аракет жасаганы себеп болгондур. Өткөн жылдын октябрь айынын соңунда АКШнын түштүк жана Борбор Азия иши боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жонатан Хеник Америка Кыргызстандын жаңы бийлиги менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканын жарыялаган. Мамлекеттик департаменттин кызматкери АКШ кыргыз өлкөсүнө уюшкан кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүгө, ошондой эле 2021-жылы парламенттик шайлоо өткөрүүгө жардам берүүгө даярдыгын белгилеген. 

Аны менен катар Вашингтон президенттик шайлоону алдыдагы референдум жана Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүүгө бош убакыт катары пайдаланды. Аталган кийинки эки шайлоодо массалык нааразычылыктарды жаратуу менен жаңы бийликтин кадыр-баркын кетирүүгө, аны менен расмий Бишкекке басым көрсөтүүгө кошумча рычагга ээ болууга мүмкүнчүлүк бар. 

Президенттик шайлоодо мониторинг үчүн көп сандаган байкоочулардан башка «таасир агенттери» да иш алып барышты. Андагы маалыматтар дароо Сорос фондунан, ЮСАИДден каржыланган «Азаттык», «Kloop.kg» басылмаларына жарыяланып турду. 

Шайлоодон кийин АКШнын элчилиги көптөгөн эреже бузуулар, шайлоочуларды коркутуу тууралуу билдирүү жасап, укук коргоо кызматтарын бул фактылар боюнча чара көрүүгө чакырды. Ага карата Вашингтон Садыр Жапаровдун жеңишин тааныды. Бирок эксперттердин пикиринде, таануу – бул жөн гана жаңы бийликтин кыраакылыгын жоготуу үчүн жасалды. АКШнын өз максатынан артка кайтууга ниети жок, алар Кыргызстанга толук кандуу кайтууну, болгондо да бул жерде өзүнүн демократиялык тартибин киргизип гана койбостон, либералдык баалуулуктарын да таңуулоону, ички жана тышкы саясатка активдүү таасир көрсөтүүнү каалайт. 

 2021-жылдын жазында да Вашингтон Кыргызстандагы шайлоо процесстерине таасирин тийгизгиси келет. Бүгүн алардын өзгөчө ынтызарлыгы апрелге дайындалган референдум жана парламенттик шайлоого багытталат. Конституциялык реформанын жүргүзүлүшүнө негативдүү имиджди мүмкүн болушунча көбүрөөк жаратканга сөзсүз аракет кылат. Бирок коомдук-саясый кырдаалды чыңалтууга референдумдун жыйынтыгы жарабаса керек, анткен менен Жогорку Кеңешке болгон шайлоо эң сонун мүмкүнчүлүк болору анык. Анүстүнө америкалыктарда кезектеги революция жасоого бүт шарттар бар: сыноодон өткөн сценарий, таасирдүү саясый ресурс, каржы, стартка даяр турган бейөкмөт тармак жана маалымат каражаттары. 

 Американын кызыкчылыгына ык тарткан саясый партиялар парламенттик шайлоого катышаары күтүлүүдө. Бирок 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгына караганда, алар көп мандат ала алышпайт. Алардын максаты башка, шайлоого катышып, шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразычылык билдиришип, кезектеги революцияга жол ачуу. Мындай окуялар америкалык уюштурган эки сценарийге дал келет. Өлкөдө коомдук-саясый кырдаал курчуйт. Же Вашингтон бийликке америкачыл саясатчыларды алып келет, буга Украина мисал. Айрым маалыматтарга караганда, америкалык лидерлер Сапар Исаков жана Алмазбек Атамбаев болушу ыктымал. 

Эксперттердин айтымында, Атамбаев иш жүзүндө дайыма батышчыл өнөктөштөрү менен байланыш түзүп келген. А сөз жүзүндө Америкага каршы пикир карманган. Эксперттер мурдагы президент узак убакыт бою эки тараптуу оюн ойногонун белгилешет, мисалы, эл алдында бейөкмөт уюмдарга көзөмөл күчөтүү керектигин айтса, эл көзүнөн оолак жерде аларга ар кандай колдоо көрсөткөн. 

2014-жылы парламент депутаттары «чет өлкөлүк агенттер» боюнча мыйзам долбоорун демилгелешкен. Атамбаев аны колдой турганын айткан. 2015-жылдын март айында мыйзам долбоору биринчи окууда каралган. Бирок, бир жылдан кийин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы аны жокко чыгарды. Мыйзам долбоорго КСДП фракциясы каршы чыккан. Ал эми бул жерде фракция президенттин макулдугусуз мындай кадамга бара албашы белгилүү эмеспи.


 Кайрат Кутманбаев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер