Акыркы кабарлар
» Коом » Аркы дүйнөгө чогуу кеткен достук болот экен ээ?..
Аркы дүйнөгө чогуу кеткен достук болот экен ээ?..
30-апрель, 14:51
979 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Аркы дүйнөгө чогуу кетип, көргө да чогуу жаткысы келген достук болот экен ээ? Демек, чыныгы достуктун даамын тата элек экенмин” деп Назира Айтбекова жазгандай, доорубуздун эки залкары ээрчишип кете беришти.
Журналист, акын Зайырбек Ажыматов 29-апрелде көз жумду. Маркумдун сөөгү 1-майда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Маркумдун артында жубайы, 4 баласы (2 уул, 2 кыз) калды.
Зайырбек Ажыматов жарык дүйнөгө 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында келген. Калеминен жаралган ырлары «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) деген аталыш менен жыйнак болуп басылып чыккан.