Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда

Кыргыз армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда

23-февраль, 11:45
1 614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Global Firepower” индекси боюнча Кыргызстандын армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат. Кыргызстан 2016-2017-жылдары бул рейтингде 108-тепкичте болчу.

Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан төртүнчү орунда. Биринчи орунга Өзбекстандын армиясы чыкты. Куралдануу жана камсыздалышы жагынан өзбек армиясы дүйнөдө 51-орунда турат. Экинчи орунда Казакстан, дүйнөдө 62-сапта турса, үчүнчү орунда Түркмөнстан, дүйнө боюнча 86-орунда, Тажикстандын армиясы дүйнөдө 99-орунда. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Бул индексти чыгарууда өлкөнүн ички дүң өнүмү, мамлекеттик карыз, аймагынын аянты, армиянын саны, резервдеги армиянын саны, куралданган техникасы сыяктуу бир нече факторлор каралат.

23-февраль – совет доорунда Кызыл Армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

1992-жылы Кыргызстанда коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түптөлгөн. Мамлекеттик чек ара кызматы 1999-жылы түзүлгөн. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бул орган улуттук коопсуздук кызматынын курамына өткөрүлгөн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер