Канатбек Мурзахалилов, эксперт: “Күч колдонуу диний топтордун ашкере радикалдашып кетүүсүнө жол ачат”
-- Ислам динине карата коомчулукта сын-пикир айткандар, дегеле эки жаат болуп араздашкандар арбып бараткандай. Кандай дейсиз, соцтармактагы ушундай чырдашуунун аягы эмнеге алып барышы мүмкүн?
-- Ооба, бул көрүнүш чындыгында бизде орун алып жаткандыгы өкүнүчтүү. Кыргыз коомунда учурда динди жактагандар, аны ашыкча мактагандар менен динге салкын, сынчыл көз карашта карагандардын ортосунда кандайдыр бир атаандашуу болуп жаткандай. Бул пикир келишпестиктер айрыкча соцтармактарда ачык-айкын орун алууда.
Диний ишенимди бетке тутуп, бири-бирин кемсинтүү, инсандын жеке жашоосуна чейин сындап жаткандар көбөйүүдө. Бир четинен бул коомдогу плюрализимдин бар экендигинен кабар берет. Экинчи жагынан “менин пикирим туура, калгандары мени менен гана эсептешүүсү керек” деген ойлор басымдуулук кылууда. Мунун айкын мисалы катары айрым интернет колдонуучулар президентибиздин жаңы шайланган муфтийди кабыл алганда айткан сөздөрүн контексттен жулуп алышып, соцтармактарда көбүртүп-жабыртып салышты. Ислам менен Манасты карама-каршы коюшуп, атайылап эле дисскусиялык аянтчаларды түзүшүүдө. Мындай мисалдар эми көп эле учурап жатат.
-- Натыйжада, эмне кылуу керек?
-- Дин, ишеним маселеси айрыкча этияттыкты, назиктикти талап кылган чөйрө. Андыктан ар бирибиз дин жөнүндө, андагы принциптер менен догмаларга келгенде өтө этияттык негизде мамиле жасашыбыз абзел.
Динге карата эки тарап болуп жаатташуу бизде эле эмес, башка мамлекеттерде деле бар. Мына күнү бүгүн Тбилисиде 13 мамлекеттен 36 окумуштуу, эксперттер катышкан конференция өтүүдө. Андагы негизги талкууга алынган тема адамдарды байланыштарган “жүрөк дипломатиясынын” күчүн таануу. Билим берүү, жарандык коом жана диний ишенимдин негизинде орток пикирге келүү. Айтайын дегеним, баардык эле мамлекеттерде сиз айткан маселе тигил же бул аспектиде бар. Аны чечүү, албетте, бийликтеги чечим кабыл алуучу топтун ишине байланыштуу болот.
-- Мамлекеттик органдар эки тараптын касташуусуна көзөмөл кыла албай келеби, же бул элди алаксытуубу?..
-- Бул көрүнүштү элди алаксытуу катары эсептебейм. Анткени динди кандайдыр бир максатка колдонуунун акыр аягы жакшы бүтпөйт. Эки тараптын жаатташуусу биздеги диний эркиндикти ашкере чегинен ашыкча колдонуунун үзүрү деген ойдомун. Баарыбыз эле мамлекеттин алдында өз укугубузду билип, бирок милдетибизди билбей калдык. Бул ошонун гана жемиши. Бирок мамлекеттик тийешелүү органдар жаатташууга негиз болгон себептерге тыкыр көңүл бөлүп, профилактикалык иштерди кеч боло электе жүргүзүшү керек.
-- Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде молдокелерге карата сөз эркиндиги, гумандуулук жагы каралган. Ашыкча кеткендерди мыйзамга такап, күчкө салуу деле анчейин байкалбайт го?
-- Дагы баса белгилеп айта кетейин, диний маселелерди репрессивдүү басым же кысым менен чечкенге болбойт. Аны жакынкы кошуналарыбыздын мисалында эле көрдүк. Күч колдонуу диний топтордун, диндар адамдардын ашкере радикалдашып кетүүсүнө жол ачат. Буга көп эле альтернативдүү жолдор бар. Анын эң жеңил мисалы: туура, так маалыматты ошол эле расмий диний аалымдар аркылуу элге жеткирүү. Бир сөз менен айтканда, маалыматтык саясатты туура жолго коюу.
-- Соңку жылдары билимдүү жаштардын, идиректүү ишкерлердин чет өлкөлөргө көп чыгып кетип атканы байкалууда. Келечекке карай алсак, акылдуу муундун “журт которушу” мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизбейби?
-- Дүйнөнүн көпчүлүк өнүккөн мамлекеттери өздөрүнүн өнүгүү тарыхындагы “өткөөл мезгилде” бул сыяктуу процесстерди басып өтүшкөн. Бизден дагы сыртка чыккан жаштарыбыз өлкөбүзгө заманбап технологияларды, жаңыча көз караштарды алып келет (!) деп ишенем.