Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүрөтүң менен жашаганыма алты жыл болду

Сүрөтүң менен жашаганыма алты жыл болду

13-октябрь, 13:20
1 679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айпери (жубайым) – менин классташым. Шайыр, бир орунда тура албаган активист. Качан сүйүп калганым эсимде жок, бирок ал дегенде денемди кара тер басып, акылымдан адашып калар элем. Азыр да сүйөм…

Түнү менен кино көрүп, эртең менен уктап калыпмын. Жуунуп-жуунбай сабакка чуркап баратсам, алдыман Айпери чыкты. Көздөрү кызарган, шишиген. «Жүрү, бүгүн сабакка барбай эле коёбуз» деди. Дароо макул болдум. Айылдын ары жагындагы сайга жөнөдүк. Кечке чейин сүйлөшүп олтурдук. Аягында «мен жакында алыс жакка кетем» деди. Коркуп кетип, «менчи?» деп кантип айтканымды билбей калдым. Экөөбүз тең күлүп жибердик. Ошондо сезимдеримди ачыкка чыгардым. Мүмкүн ал күнү жолукпасак, биринчи сүйүүм бойдон калмаксың. А мен башкага үйлөнмөкмүн… 

2-курста баш коштук. Сунушума дароо макул болгонуңа таңкалдым. Ата-энебиздин каршы болгонуна (жашсыңар, окууңарды бүткүлө ж.б.) карабай  баш кошуп алдык. Окуумду сырткы бөлүмгө которуп, дүкөнгө жүк түшүргүч болуп жумушка орноштум. Ал арада эки кыздуу болдук. Бактылуу болуш үчүн заңгыраган үйдүн, акчанын, машинанын кереги жок экенин сага үйлөнгөндөн кийин билдим. 

Жумуштан жаңы эле келгем. Көздөрүң кудум баягыдай шишип, кызарып калыптыр. «Мен алыс жакка кетип жатам» дедиң. Түшүнгөн жокмун. Эмне болгонун сурадым. Ошондо айыкпас дартың бар экенин айттың. Эшикке кандай чыкканымды билбейм. Жөө басып кете берип, шаар четине жетип калыпмын. Күн сайын көргөзбөй ыйлайм... Көп өтпөй бизди таштап кеттиң. Палатадан «Мурат, кечирип кой, жетишпей калдым, уулубузду өзүм менен алып кетип жатам...» дедиң. Ошондо кош бойлуу экениңди билдим.

Канча күн ичкенимди билбейм. Көзүмдү ачсам, бейтапканада жатыпмын. Атам жанымда экен. Колумдан кармап, «уулум, өзүмчүл болбо, кыздарың кыйналып кетти» деди. 

Сүрөтүң менен жашаганыма алты жыл болду. Кыздарыбыз акылдуу болуп чоңоюп жатат. Сендей активист. Сенсиз жашоомду гүлгө айланткан ошол экөө. “Жашсың, үйлөн” дегендер толтура. А мен дале болсо сени сүйөм. Анан да, кыздарымды башка бирөөгө кор кылгым келбейт. Мыкты ата болгонго аракет кылып келем, колумдан келип жатабы же жокпу, кийин кыздарым чоңойгондо айтаар...

Максат
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер