Кайрат Иманалиев үргүлөп, Акүйдөн тапшырма күтүп отурса өнүгүү болбойт да

Бейиши болгур Марат Казакпаев чейрек кылымга жакын өлкөбүздөгү саясый окуяларга талдоо жүргүзүп, өзүнүн баасын берип, калыс пикирин айтып келген. Өзгөчө КТРКнын журналисттери артынан калбай орус тилинде, кыргыз тилинде да интервью алып жүргөндөрү ачык факт. Анткени Марат Казакпаев башкаларга окшоп ашыкча сүйлөбөй, субъективизмге берилбей, качан да болсо калыс позициясынан тайчу эмес. Сот “күнөөлүү” деп чечим чыгарганга чейин кимди да болбосун кылмышкер катары эсептегенге болбойт, мыйзам ошондой. Марат Казакпаев оор айыпка шектелип, бирок бир жылдан ашык убакыттан бери күнөөсү далилденген жок. Демек, аны күнөөлүү деп эсептегенге болбойт. Нарын Айып аны “күч түзүмдөрүнүн колунан каза табышы мүмкүн” деп “Назар ньюста” билдирди. Ушундай кайгылуу окуя болгондо улуттук телерадио корпорациясы өзү менен жигердүү иштешип келген саясат таануучу тууралуу бир оң маалымат берип койбоду. Баягы артынан калбай интервью алып жүргөн журналисттер бир эскерип койгонго жараган жок. УТРК баягы эле “кара үкөк” бойдон турат. Кайрат Иманалиев болсо үргүлөп, “Акүйдөн качан, кандай көрсөтмө болорун күтүп, “тройкасын” (өкмөттүк телефон) тиктеп отурат” дешти. Чыгармачылык жигердүү изденүү болбогон, жаңы идеяларга шыктанбаган жерде кайдагы өнүгүү? Замандан артта калган УТРК сазга баткан абалында дагы канча турар экен?..
"Азия Ньюс" гезити