» Саясат » Саясатчы Кубанычбек Кадыров оор шарттагы камерада күн кечирүүдө
Саясатчы Кубанычбек Кадыров оор шарттагы камерада күн кечирүүдө
31-январь, 11:13
421 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Түрмөгө жылан жатпасын” дейт эмеспи. Абактын да ар кандай шарты бар. Маселен, Кемпир-Абад чатагынан улам камакка алынган Кубанычбек Кадыровдун №1 СИЗОдогу жаткан камерасы өтө начар абалда. Суук, ным тартып турат. Келемиштер жорголоп жүрүшөт. Жалпысынан алганда, саясатчы Кадыровдун кармалып турган жери мышык ыйлачудай. Албетте, бул оор сыноо. Моралдык-психологиялык сокку алуу менен ден соолукту жоготуу коркунучун жашырбайлы. Кубаныч мырзага сабыр тилейбиз. Тийешелүү органдар кыйноого алуудан алыс болушса (!) деген ой.