Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чубак ажы Жалиловду жарга такаган активист Гүлжигит Исаков

Чубак ажы Жалиловду жарга такаган активист Гүлжигит Исаков

21-ноябрь, 00:42
1 054 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Чубак ажы Жалилов!

Сиз улам-улам чек ара боюнча "кыргыздарга 40%, тажиктерге 60% кылып чечели. Керек болсо, жер эч кимдики эмес, Алланыкы!" деп айтып жатасыз. "Чек ара боюнча сүйлөгөндөрдүн, керек болсо, дааратканасы дагы бузук! Дагы чек ара боюнча сүйлөп коёт!" деген таризде сүйлөп келесиз.

Сизге терең ыраазычыгымды билдирип, сизге куугунтук болгондо колдоп дагы келем. Бирок, чек ара боюнча сүйлөгөн сөздөрүңүздөн кийин менде суроолор пайда болду:

1) Исламга таянып, Кыргызстандын мусулмандарына чакырык жасап жатасыз "Бир мусулмандын каны Каабадан дагы жогору турат. Ошондуктан, кыргызга 40%, тажикке 60% берип болсо дагы чечип салалы чек ара маселесин" деп. Кыргызстандын мусулмандарына жасалган чакырык тажик мусулмандарга өтпөйбү? Эмне, алардагы ислам башкабы?! Эмне үчүн алардын экс-муфтийи же бир аалымы "кыргыздарга 60%, тажиктерге 40% берип, чечип салалы!" деп чыкпайт ? Эмне үчүн биз эле компромисске келе беришибиз керек? Негиз барбы?

2) Чек ара боюнча сүйлөө үчүн белгилүү мүлккө ээ болуу шарты барбы? Мекенчил адамдар социалдык статусуна же бай-кедей болгонуна карабастан, үн ката албайбы? Же согуштарда жалаң байдын балдары барып согушабы?

3) Жер Алланыкы болгону баарыбызга маалым! Керек болсо “биз ээсибиз деп жүргөн анча-мынча байлыктарыбыз дагы Аллага (ж.ж.) таандык! Бирок, майда нерсе болсо дагы биз булардын аманатчысы болобуз. Ошол аманаттарды коргогонго милдетүүбүз.

4) Сиз эл аралык деңгээлдеги аалым болуп калдыңыз. Тажикстандын мусулмандарына эмне үчүн "40% жерди өзүңөр алгыла, 60% жерди кыргыздарга бергиле!" деп айтып көрбөйсүз?

5) "Мекенди сүйүү ыймандан!" деп айтылат динибизде. Жер үчүн мусулмандар согушуп келишкен тарыхта. Халифаттар колдон колго өткөн, жерлер ээленген. Эмне үчүн биз, Кыргызстандын мусулмандары, Кудайдын аманаты болгон жерибизди жөн эле берип салышыбыз керек? Же бийлик эчак эле жең ичинен берип салганы боюнча кабарыңыз барбы? Эмнеге таянып 40х60 деп сунуштап жатасыз? Же бийлик сизге “психологиялык жактан элди көндүрө бер деп тапшырма бердиби?! Жерди коргоо, аманатты коргоо, мекенди сүйүү исламдагы милдеттерден чыгып бара жатабы?

Сизден сураныч, арам оюм такыр жок, жооп бериңиз? Ушул суроолор сиз чек ара боюнча билдирүү жасагандан бери жүрөгүмдү өйүп келет. Сизге жеке дагы кайрылып көрдүм, жооп берген жоксуз. Коомдун кишиси болосуз. Коомго ачык эле жооп беришиңизди өтүнөм.


Урматым менен Гүлжигит ИСАКОВ 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер