Сиңдим экөөбүздү байкем мас болуп кыйначу, урганын эстеп ыйлайм
Мен 20 жаштамын. Мурда болуп өткөн окуяларды эстеп эле ыйлай берем, анткени, аябай ызакормун. Бирөө урушуп койсо эле бир эки жылдан кийин дагы эстеп жашып кетем. Анын үстүнө 4-5 жашымда ата-энем Москвага кеткен эле. Биз чоң энемдердин үйүндө жашап жүрдүк. Ошол учурда мени жана сиңдимди көп урушушчу. Мүмкүн сиңдим деле ошолорду эстеп, жаман болот го... Баары жүрөккө батып кетиптир. Ушуну жазып жатып да ыйлагым келип кетти. Өткөн күндөрдө сиңдим экөөбүздү мас болуп келген байкем кыйнаганы, урганы, жер төлөдө камалып, түнү менен калган күндөр түшүмө чейин кирип, кээде чочуп ойгоном. Өзүмдөн өзүм бук болуп кээде боздоп ыйлайм. Ата-энем азыр урушуп койсо эле эки күн өзүмө келе албай калам. Балким бала кезимден көргөн запкынын кесепетидир. Ата-энелерге да айткым келет. Баары бир ата-энедей болбойт. Балдарыңарды таштабагылачы?
Нура