Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызстан” партиясындагы саясатчылар “Макалего” кантип каршы чыгышты?

“Кыргызстан” партиясындагы саясатчылар “Макалего” кантип каршы чыгышты?

18-сентябрь, 19:10
750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Спикер Дастан Жумабековдун жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү бергени коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Бул аракеттер мыйзамсыз, административдик ресурсту колдонуу катары бааланууда. БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова чындык үчүн чыркырап, Дастан Жумабековдун талапкерлигин шайлоодон четтетүү талабын коюуда. Бул маселе жакынкы аралыкта каралганы турат. 

Буга чейин “Кыргызстан” партиясы соттун чечими менен зорго БШКга катталганы эсибизде. Бийликтин жана акчанын күчү менен шайлоого катышууга укук алышканы бааланууда. Көпчүлүк буларга кыжырданып, жийиркенип жатышканы жалганбы? Мындай шартта аталган партия үгүт банерлеринен толкон-токой ката кетиришип, сынга да кабылган. Эми болсо спикердин жосунсуз жоругу жолдо калтырчудай болуп турат. Кызыгы, “Кыргызстандын” алдыңкы тизмесиндеги белдүү саясатчылар “Макаледон” тажашыптыр. Эгерде Жумабековдун талапкерлигин БШК алып салса сүйүнүшөт экен. (Бул тууралуу ишенимдүү булагыбыз айтты.) Буга чейин уят кылып келгени, шайлоочуларды иренжиткени, айтор, партияны артка тартканы ич-ара да түшүнбөстүктөрдү жаратыптыр. Ооба, партиялаштары “Макалего” ачык каршы чыгышпаганы менен ичтеринен кымыңдашып, катардан сызылып калышына кызыкдар болушканын эшиттик.


Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер