Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Алыскы район, шаарларда маалы менен энергияны өчүргөнгө мажбур болобуз”

Расул Умбеталиев: “Алыскы район, шаарларда маалы менен энергияны өчүргөнгө мажбур болобуз”

19-июнь, 11:25
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1-сентябрдан тарта электр энергиясынын жаңы тарифи ишке кириши күтүлөт. Тариф саясаты боюнча электр энергиясы боюнча эксперт Расул Умбеталиевге кайрылдык.

-- Электр энергиясынын тарифи элдик талкууга коюлду. Элге да жеңил, энергетикалык кризистен да чыга турган жолдор барбы?

-- Энергетика эң маанилүү стратегиялык тармак. Акыркы мезгилде, он жыл аралыгында энергетика тармагы өтө терең кризиске кабылды. Мунун өзү системанын баардык мекемелери чыгашалуу болуп калганында. Өткөн жылы, мисалы, электрдик станция 5 млрд. 171 млн. сом чыгаша менен чыкты. Улуттук электр тармагы болсо 1 млрд. 181 млн. сом чыгаша менен чыкты. Жалпы энергетика тармагында иштеген ишканалар 7 млрд. сом чыгаша менен чыкты. Ошонун негизинде бул маселе өтө курч болуп жатат. Тариф саясатын бүгүнкү күндө карап чыгыш керек. Акыркы жети жылдан бери тариф саясаты каралган эмес. Тариф маселеси экономикалык-социалдык маселеден саясый маселеге өтүп кеткен. Бул боюнча апрель айында өнөр жай, энергетика министрлиги тариф саясаты боюнча өзүнүн көз карашын, ой-пикирин, сунушун берген. Кечээ жакында дагы талкууга жем таштады. Мурунку сунушунда социалдык тариф 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан эсептелген. 700 кВт/сааттан кийин 1 сом 48 тыйындан төлөнсүн деп сунуш берилген. Ал эми кечээги айтканында социалдык тарифти алып коюп, жалпы 1 сом 9 тыйындан төлөнсүн деген сунуш болуп жатат. Бул туура эмес. Социалдык тарифти калтырыш керек. Ким 1000 кВт/саатка чейин колдонсо 77 тыйындан төлөсүн. Ким 1000 кВт/сааттан ашык колдонсо 2 сом 52 тыйындан төлөшү шарт. Дагы бир сунушум: жөнөкөй адамдар менен бай адамдарды салыштырган болбойт. Ошонун негизинде, канчалык электр энергиясын көбүрөөк пайдаланса, көп төлөш керектигин сунуштайм. 1000 кВт/сааттан 3000 кВт/саатка чейин 2 сом 52 тыйындан, 3000 кВт/сааттан 5000 кВт/саатка чейин 3 сом 50 тыйындан, 5000 кВт/сааттан 10000 кВт/саатка чейин 4 сом 50 тыйындан, 10000 кВт/сааттан ашык төлөөчүлөр 5 сомдон төлөсө калыс, акыйкат чечим болот. Өнөр жай, энергетика министрлиги сунуш кылып, алтын чыгарган ишканаларга, темир чыгарган заводорго жана башкаларга 2 коэффициентин коюп жатат. Менин оюмча, 5 коэффициентин коюш керек. Эмнеге дегенде, бул ишканалар өтө кирешелүү. Ошонун негизинде кошумча 4-5 млрд. сом чогултса болот. Жалпы 7 миллиарддан ашык жетишсиздик болууда. Ошондуктан тариф саясатын карап чыгып, энергокомпаниянын ички мүмкүнчүлүгүн колдонуп, мамлекеттик сатып алуу саясатын ачык-айкын чечсек, коррупцияга бөгөт койсок, компанияларда коммерциялык жоготууларды 2-3% азайтсак, дагы 3-4 млрд. каражат таап, кризистен чыгарууга мүмкүнчүлүк болот.

-- Кышында электр энергиясынын жетишсиздиги болору кооптондурууда...

-- Чындыгында 3-4 жылдан бери жазып да чыктым, сунуш да бердим. Суу энергетика балансын биз туура эмес пайдаланып жатабыз. Сууну кошуна өлкөлөргө акыркы 3-4 жылда эбегейсиз агызып бердик. Бүгүнкү күндө абал өтө оор. Суунун аздыгы 10 млрд. 500 млн. куб суу болду. “1-октябрга карата 12 млрд. куб суу топтойбуз” деп жатышат. Бул болжолдогон суулар да бизге жетпейт. “Казакстандан, Өзбекстандан сатып алабыз” дешүүдө. Былтыр кышында биздин мамлекеттик комитет, улуттук “Энергохолдинг” “500 млн. кВт/саат Казакстандан сатып алабыз” деп келишим түзүшкөн. Бирок 500 млн. кВт/сааттын ордуна 50 млн. кВт/саат беришип, “өзүбүзгө жетпей жатат” деген шылтоону айтышкан. Бул жылы да алар былтыркы жоругун кайталабайт (!) деп эч ким кепилдик бере албайт. Бербей коюшса өтө оор болуп калат. Алыскы район, шаарларда маалы менен энергияны өчүргөнгө мажбур болобуз. Ал өндүрүшкө, экономикага терс таасирин тийгизери айкын. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер