Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ошурахунова: “Президенттик башкаруу менен артка кайттык, коркунучтар бар”

Динара Ошурахунова: “Президенттик башкаруу менен артка кайттык, коркунучтар бар”

21-январь, 16:30
2 115 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Юристтер Конституциянын жаңы иштелип чыккан варианты менен тааныша албай жатканын айтышууда...

-- Чынында эле ноябрдан бери иштеп жаткан конституциялык кеңешменин жаңы долбоорун дагы деле көрө элекпиз. Бул эмнеге байланыштуу экенин билбейм. 2010-жылкы Башмыйзам жазылып атканда ар бир бөлүмү жарыяланып, ММК аркылуу чоң талкууга алынган. Мында деле ошондой болуш керек эле. 

-- Жаңы Башмыйзамда бийликти узурпациялап албоого кантип бөгөт койсо болот? Дегеле бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту сактап калуунун жолдору барбы?

-- Мындай принциптердин баары дүйнө жүзүндө иштелип чыккан. Негизгиси, бийликтин үч бутагынынын ортосундагы теңдик сакталыш керек. Бийликтин бир бутагы калган экөөнү көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн бербеши керек. Качан гана үчөө бири-биринен көз карандысыз болгондо, бийликти узурпациялап алууга жол берилбейт. 

-- 10-январда эл президенттик башкаруу системасын тандады. Эми бул багыттан алганда, туура иштөө механизмдерине токтолуп өтсөңүз?

-- Президенттик система менен башкаруу көп эле өлкөлөрдө бар. Бирок, Америкадан башка эч жерде бул система теңдикти алып келген жок. АКШда сот системасы күчтүү жана көз карандысыз болгон үчүн бийликти ээлеп алуу мүмкүн эмес. Ал эми башка өлкөлөрдө үлгүлүү күчтүү система түзүлбөгөндүктөн, президенттик башкаруу жыйынтыгында диктатурага айланып атат. Биз аны башыбыздан өткөргөнбүз. Ага карабай артка кайтып баратабыз. Эми жагдай кандай болору белгисиз, мурдагы каталар кайра кайталанат (!) деген коркунучтар бар...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер