Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кокон хандыгындай болуп, айрым салыктарды ашыкча көбөйтүп жиберишти”

“Кокон хандыгындай болуп, айрым салыктарды ашыкча көбөйтүп жиберишти”

22-ноябрь, 19:30
4 272 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Асан Турсункулов, сүрөтчү, философ: 

-- Кыргызстандан качып аткан эмгек мигранттарын кантип токтотсок болот? 

-- Эмгек мигранттарын токтотуу үчүн жумуш орундарын ачуу керек. Завод, фабрикаларды куруу, өндүрүштү күч алдыруу зарыл. Бизнесмендердин киреше багытын көбөйтүү максатында салык тартиби орундуу болууга тийиш.

-- Ошого катар бизнес жааты да сыртка кетип атса, өкмөт аларга шарт түзүүгө эмнеге кам көрбөйт?

-Эгер салыктын эсеби көбөйө берсе, анда бизнесмендер ыңгайлуу жакка көчө баштайт. Өкмөттүн шарт түзүүсү өтө зарыл. Элди соодагерлер багат, мамлекеттин казынасын дагы ошолор толтурат. Андыктан, бизнес жасап жаткан ар бир жаранга ыңгайлуу салык жөндөмүн сунуш кылуу абзел. Өлкө казынасы салыкты көбөйткөндөн толбойт. Салык канчалык төмөн болсо, ар бир бизнесмен кыйналбай, жашырбай төлөйт. Ошондо казына толуп турат. Азыр өкмөт ар бир бизнес тармагына салыкты ашыкча көбөйтүү менен алек болуп калды. Бул жакшы көрүнүш эмес. Ар бир бизнесменге кошулган салык пайызын сатуучу өзүнүн сатып жаткан товарына үстөк пулун кошот. Ошону менен кымбатчылык күч алат. Бул коомдун нааразычылыгына алып келет. Ар ай сайын арзан жашоо түзүүгө аракет жасалышы зарыл, ошондо бийликтин дурус иштеп жатканы аныкталат. Кандай болгон күндө да бардык соодада иштеп жаткандарга шарт түзүү экономиканын өсүшүнө алып келет. 

Турат Мадылбеков, Бишкек ШИИБнин экс-начальниги:

-- Кыргызстандан качып аткан эмгек мигранттарын кантип токтотсок болот?

-- Эмгек мигранттарын токтото албайбыз. Алар үй-бүлөсүн, ата-энесин багуу, каражат табуу үчүн Казакстан, Россия, Түркия, Европа, Америкага чейин кетип жатышат. Аларды Кыргызстанда алып калабыз десек, чоң-чоң завод, фабрикаларды курушубуз керек. Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртып, мыйзамдарды оңдоп, инвесторлордун Кыргызстанга келишине шарт түзүшүбүз зарыл. Антпесек, эмгек мигранттарын күч менен кармап кала албайбыз. 

Инвесторлор келип, завод, фабрика курганча, Европанын ар кайсы мамлекеттери менен келишимдерди түзүп, мигранттарга жол ачышыбыз керек. Ал жакка убактылуу болсо да иштеп келгендер алардын маданиятын, иштөө принциптерин көрүп, жакшы ыкмаларын Кыргызстанга алып келишсе жакшы болот эле.

-- Ошого катар бизнес жааты да сыртка кетип атса, өкмөт аларга шарт түзүүгө эмнеге кам көрбөйт?

-- “Биз бюджетти көбөйтөбүз деп салыктын суммасын көбөйтүп, жаңы салыктарды киргизип, эптеп оокатын кылып жаткандарга кыйынчылык жаратып жатабыз. Шарт түзбөй эле Кокон хандыгындай болуп, айрым салыктарды ашыкча көбөйтүп жиберишти. Салыктын суммасын көбөйтө берген туура болбой калат. Ошондуктан, өкмөт башчы жана Жогорку Кеңеш жакшылап ойлонуп, салык алабыз деп шымалана бербей, иштейм дегендерге да шарт түзүп, элди, ишкерлерди салык менен кыспаш керек. Салыктын ашыкча көбөйгөнүнөн кыргыз элинин 80 пайызы министрлер кабинетинин башчысынын салык саясатына каршы болушууда. Салык менен кыса берсе, инвестор да, ишкерлик кылган биздин жарандар да кетип калат. Салыкты көбөйткөндөн мурун, элге, ишкерлерге шарт түзүп берүү зарыл. Эгер бизнесмендер кача турган болсо, Кыргызстандын келечеги начар абалда калат



"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер