Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Каттоодон өткөн коммерциялык эмес уюмдардын баары эле чет өлкөлүк агент болуп эсептелбейт”

Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Каттоодон өткөн коммерциялык эмес уюмдардын баары эле чет өлкөлүк агент болуп эсептелбейт”

25-март, 09:00
408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Надира Азимовна, акыркы кездерде сизди депутаттык мандатын тапшырып, кайсы бир чет өлкөгө элчилик кызматка кетет экен (!) деген маалыматтар тарап кетти. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар?

-Ооба, Батыштан каржыланган “Кактус медиа” такталбаган имиш-имиш ушак жарыялап, андан калган кээ бир ЖМКлар да ошондой маалыматтарды таратып жүрүшөт. Нарматова жөнүндөгү алардын кара пиарына көңүл бурган деле жокмун. Андай маселе жок. Мен кадимкидей эле кызмат ордумда өз жумушумду жасап атам. 

-Кандай дейсиз, мындай маалыматтардын тарашына сиз демилгелеген коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору себеп болгон жокпу? 

-Ооба, негизинен ошондой эле көз карашта калдым. Алардын Нарматова тажап, артка кетип, мыйзамдан баш тартса деген ниеттери бар го. Анткени, тынымсыз менин жекече жашоомо кийлигишип, үй-бүлөмө чейин негизсиз каралоолорду жасап келишет. Мен мыйзам алдында өз багытымда жүргөндүктөн, ага көңүл деле бурбайм. Бул мамлекеттин улуттук коопсуздугу, тынчтыгы, биримдиги, мамлекеттик көзөмөл, темирдей тартип, жоопкерчилик үчүн даярдалган мыйзам. Мен кыргыздын мекенчил жараны катары бул мыйзамды он жылдан бери демилгелеп келатам, билесиңер. Бул жерде менин жеке эч кандай кызыкчылыгым жок. 

Каттоодон, же реестрден өткөн коммерциялык эмес уюмдардын баары эле чет өлкөлүк агент болуп эсептелбейт. Уставда жана долбоорлордо көрсөтүлгөн талаптардан чыкпай, отчет, учетун берип, бир жылда бир жолу көз карандысыз аудиттен текшерүүдөн өтүп, бардык каражаттарын жаап-жашырбай, кайдан алганын, кайда жумшарын ачык көрсөтүп, каражаттарын максатсыз терс көрүнүштөргө сарптабай, мамлекеттин ички саясатына аралашпай, мыйзам бузбай иштеген болсо, улуттук баалуулуктарга, нарк-насилге каршы аракеттенбей, улуттар аралык ынтымакка шек келтирбей иш аракеттерин жасашса, 99 пайыз коммерциялык эмес уюмдарга тийешеси жок бул мыйзамдын. 

Тилекке каршы, бир пайызга жетпеген коммерциялык эмес уюмдар коомчулук арасында түрдүү багытта терс аракеттерди жасап келишет. Батыштын каражатын алып, түрдүү акция, пикет, митингдерди уюштуруп, мамлекетти чет өлкөлүк деңгээлде жек көрсөтүүгө, сырткы күчтөрдүн максатын иш жүзүнө ашырууга аракет жасагандар бар. Алар эч убакта кыргызга күйбөйт, ал факт. Каражатты кайдан алса, ошол жакка кызмат кылышат. Мен жөнүндө ошолор туура эмес пикирлерди жаратып жатышат. Ошол күчтөрдү мен мамлекет ичиндеги тыңчылар, бузукулар деп эсептейм. Андай күчтөр мыйзам чегинде аныкталып, такталат, соттун чечими менен чет өлкөлүк өкүл же агент деген макам берилет. Эгерде мыйзам бузса, мыйзамдын негизинде сыртка чыгарылып ташталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылат. 

“Нарматова мандатын тапшырат деген сөздү да ошолор таратып жатышат. Ар кандай тескери маалыматтарды акыркы эки жылдан бери айтып, чыгарып келишет. Менин мандатымды тапшыруума эч кандай негиз жок. Кудайга шүгүр, депутаттык милдетимди, шайлоочуларымдын наказдарын так аткарып, тийешелүү мыйзамдардын чыгышына өз салымымды кошуп келатам. Негизгиси, “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзамдын долбоору өз максатына жетип, Жогору Кеңештен үч окуудан өттү. Көпчүлүк депутаттар колдоп беришти. Буюрса, президент колдоп, кол коюп бекитип берсе, ошол кол койгон күндөн баштап мыйзам күчүнө кирет. Мамлекеттик көзөмөл орнойт, буюрса. Чет өлкөлүк тыңчылар каалагандай калчап, билген намазын окуп, кыйкырып, өлкө ичинде тынчтыкты буза албай калышат. Анткени, учурдагы мыйзам менен аларга эч ким кой деген сөздү айта албайт. Күч түзүмдөрүн көзөмөлгө алганга мыйзам менен куралдантып берген болобуз. Бул мыйзам Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы кабыл алган тарыхый мыйзам катары, коомго өзгөртүү киргизүүчү маанилүү мыйзам катары тарых барактарында жазылып калат, буюрса.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер